# 20-статья. Тышкы соода ишин өнүктүрүү программалары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/541)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 2-июлундагы № 41 "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 02.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 8 августа 2023 года № 169 "О государственном регулировании внешнеторговой деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112653)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-510/edition/1277421/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/541/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 20-статья (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-20

---

Улуттук экономиканын өсүшүнө түрткү берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тышкы соода ишин өнүктүрүүгө, анын ичинде тышкы соода ишин өнүктүрүүнүн республикалык, региондук программаларын жүзөгө ашыруу аркылуу көмөк көрсөтөт. Тышкы соода ишин өнүктүрүүнүн республикалык программасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын республикалык бюджеттин долбоору менен бир мезгилде иштелип чыгат. Аталган республикалык программада:

1) Кыргыз Республикасынын төлөм балансынын курамдык бөлүгү катары болгон болжолдуу соода балансы;

2) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык мамилелеринин азыркы кездеги абалына жана анын проблемаларына баа берүү;

3) Кыргыз Республикасынын сырттан алган карыздарынын жана чет өлкөлүк кредиттерди максаттуу пайдаланууну ар тараптан баяндаган планы;

4) республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануу менен же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдиги алдында берилген экспорттук кредиттердин планы;

5) Кыргыз Республикасынын тышкы карызын тейлөөнүн планы;

6) чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасына болгон карыздарын тейлөөдөн түшкөн каражаттардын планы;

7) тиешелүү жылда көрүлгөн же белгиленген тышкы сооданы мамлекеттик жөнгө салуу чараларынын тизмеги, бажы тарифинин жыйымдарынын өлчөмдөрү жана алардын мүмкүн болуучу өзгөрүүлөрүнүн чектери, экспортту жана импортту сандык чектөө, ошондой эле ички рынокту коргоо жана валюталык жөнгө салуу боюнча чаралардын тизмеги;

8) тиешелүү жылга өнөр жайлык экспортко түрткү берүүчү чаралардын тизмеги;

9) айрым мамлекеттердин рынокторунда кыргыз ишкерлерине карата жол берилген басмырлоо, эки тараптуу жана көп тараптуу милдеттенмелердин бузулган учурларынын реестри, Кыргыз Республикасынын мыйзамдуу соода-экономикалык таламдарын коргоо боюнча көрүлгөн же белгиленип жаткан чаралардын тизмеги камтылат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзамдын 9-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн аткаруу бийлигинин органы менен биргелешип, кызмат укуктарынын чектеринде өз аймагында тышкы соода ишин өнүктүрүүнүн программасын иштеп чыгат.

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-21)
