# 17-статья. Алынып келинүүчү товарларга карата техникалык, фармакологиялык, санитардык, ветеринардык, фитосанитардык жана экологиялык стандарттар жана талаптар, алардын сапатын контролдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/541)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 2-июлундагы № 41 "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 02.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 8 августа 2023 года № 169 "О государственном регулировании внешнеторговой деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112653)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/541#diff=1277425..1277426>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-510/edition/1277421/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/541/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 17-статья (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-17

---

Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келинүүчү товарлар Кыргыз Республикасында белгиленген техникалык, фармакологиялык, санитардык, ветеринардык, фитосанитардык жана экологиялык стандарттарга жана талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Алынып келинүүчү товарларды сертификациялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актылары тарабынан жөнгө салынат. Экологиялык жактан коркунучтуу продукцияны алып келүү учурунда, бул продукция Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка укуктук актыларында аныкталган тартипте атайын контролдуктан өткөрүлүүгө тийиш. Төмөндөгү:

1) ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн стандарттарга жана талаптарга жооп бербеген;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка укук актыларында көрсөтүлгөндөй сертификаты, маркировкасы же ылайык келүү белгиси болбогон;

3) керектөөгө коркунучтуу товарлар катары пайдаланууга тыюу салынган;

4) керектөөчүлөр үчүн коркунуч келтирүүчү бузуктары бар товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө тыюу салынат.

Көрсөтүлгөн товарлар бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталуучу тартипте Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын көз карандысыз эксперттери тарабынан түзүлгөн актынын негизинде кайра алынып кетүүгө же жок кылынууга тийиш. (КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-16)  
Кийинки берене: [17-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-17-1)
