17-статья. Алынып келинүүчү товарларга карата техникалык, фармакологиялык, санитардык, ветеринардык, фитосанитардык жана экологиялык стандарттар жана талаптар, алардын сапатын контролдоо
Күчүн жоготкон · 08.08.2023 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 8 августа 2023 года № 169.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 марта 2019 года № 40
Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келинүүчү товарлар Кыргыз Республикасында белгиленген техникалык, фармакологиялык, санитардык, ветеринардык, фитосанитардык жана экологиялык стандарттарга жана талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Алынып келинүүчү товарларды сертификациялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актылары тарабынан жөнгө салынат. Экологиялык жактан коркунучтуу продукцияны алып келүү учурунда, бул продукция Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка укуктук актыларында аныкталган тартипте атайын контролдуктан өткөрүлүүгө тийиш. Төмөндөгү:
1) ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн стандарттарга жана талаптарга жооп бербеген;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка укук актыларында көрсөтүлгөндөй сертификаты, маркировкасы же ылайык келүү белгиси болбогон;
3) керектөөгө коркунучтуу товарлар катары пайдаланууга тыюу салынган;
4) керектөөчүлөр үчүн коркунуч келтирүүчү бузуктары бар товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө тыюу салынат.
Көрсөтүлгөн товарлар бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталуучу тартипте Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын көз карандысыз эксперттери тарабынан түзүлгөн актынын негизинде кайра алынып кетүүгө же жок кылынууга тийиш. (КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"Редакцияларды салыштыруу
29.03.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…аймагына алып келүүгө тыюу салынат.
Көрсөтүлгөн товарлар кошулду: бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Бажы кодексинде кошулду: мыйзамдарында аныкталуучу тартипте Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай … актынын негизинде кайра алынып кетүүгө же жок кылынууга тийиш.
кошулду: (КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/541/st-17" title="17-статья - Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>