# 16-статья. Улуттук таламдардан улам экспортко жана (же) импортко тыюу салуулар жана чектөөлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/541)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 2-июлундагы № 41 "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 02.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 8 августа 2023 года № 169 "О государственном регулировании внешнеторговой деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112653)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 ноября 2011 года № 201 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О государственном регулировании внешнеторговой деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203440)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/541#diff=1277423..1277424>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-510/edition/1277421/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/541/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 16-статья (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-16

---

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасында улуттук таламдардан улам товарды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле интеллектуалдык иштин натыйжаларын, анын ичинде аларга болгон өзгөчө укуктарды экспорттоого жана (же) импорттоого тыюу салуулар жана чектөөлөр белгилениши мүмкүн, аларга:

1) коомдук адепти жана укук тартибин сактоо;

2) адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын коргоо, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн жана жалпы эле курчап турган чөйрөнү коргоо;

3) Кыргыз Республикасынын элдеринин маданий мурастарын сактоо;

4) маданий баалуулуктарды мыйзамсыз алып кетүүдөн, алып келүүдөн жана аларга болгон менчик укугун өткөрүп берүүдөн коргоо;

5) эгерде жаратылыш ресурстарынын орду толгус коромжуга учурашын болтурбай коюу менен байланышкан чаралар тиешелүү ички өндүрүүгө жана керектөөгө чектөөлөр менен бир мезгилде жүргүзүлсө, анын коромжуга учурашын болтурбай коюунун зарылдыгы;

6) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу;

7) Кыргыз Республикасынын тышкы финансылык абалын коргоо жана төлөө балансын колдоо;

8) Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу кирет.

Улуттук таламдардан улам кабыл алынган экспортко жана (же) импортко тыюу салуулар жана чектөөлөр жөнүндө мыйзамдар алар расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет. (КР 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-17)
