# 14-статья. Товарлардын айрым түрлөрүн экспорттоого жана (же) импорттоого мамлекеттик монополия

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/541)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 2-июлундагы № 41 "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 02.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 8 августа 2023 года № 169 "О государственном регулировании внешнеторговой деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112653)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-510/edition/1277421/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/541/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 14-статья (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-14

---

Экспорттоого жана (же) импорттоого мамлекеттик монополия белгиленген товарлардын айрым түрлөрүнүн тизмеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталат. Товарлардын айрым түрлөрүн экспорттоого жана (же) импорттоого мамлекеттик монополия товарларды экспорттоо жана (же) импорттоо боюнча ишти лицензиялоонун негизинде жүзөгө ашырылат. Бул ишти жүзөгө ашырууга лицензия ушул Мыйзамдын 9-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн аткаруу бийлигинин органы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык басмырлабоонун жана ак ниет соода-сатыктык тажрыйбанын принциптеринин негизинде экспорт жана (же) импорт боюнча бүтүмдөрдү жасоого милдеттүү болгон мамлекеттик ишканаларга гана берилет. Товарлардын айрым түрлөрүн экспорттоо жана (же) импорттоо боюнча мамлекеттик монополияны бузуу менен жасалган бүтүмдөр негизсиз деп эсептелет. Ушул Мыйзамдын 9-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органы Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган тартипте негизсиз бүтүмдүн жараксыздыгынын натыйжаларын колдонуу жөнүндө талап коюуга укуктуу.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-15)
