# 13-статья. Экспорттук контроль

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/541)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 2-июлундагы № 41 "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 02.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 8 августа 2023 года № 169 "О государственном регулировании внешнеторговой деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112653)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 октября 2011 года № 161 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203401)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.10.2011 [Закон КР от 5 октября 2011 года № 161 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203401); 24.12.2003 [Закон КР от 24 декабря 2003 года № 239 "О внесении дополнения и изменения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1370)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/541#diff=1277422..1277423>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-510/edition/1277421/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/541/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 13-статья (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-13

---

Куралдар, аскердик техника жана эки жактуу пайдаланылуучу товарлар жагындагы тышкы соода ишин жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын улуттук таламдарын коргоо, ошондой эле Кыргыз Республикасында массалык кыргындоо куралдарын жана куралдардын башка түрлөрүн, алардын технологияларын түзүүнү жайылтпоо боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин сактоо максатында экспорттук контролдоо тутуму иш жүргүзөт. Экспорттук контролдоого алына турган куралдардын, аскердик техниканын, массалык кыргындоо куралдарынын, аларды жеткирүүчү ракеталык каражаттардын жана башка куралдардын түрлөрүн түзүүдө колдонула турган же колдонулушу мүмкүн болгон сырьелордун айрым түрлөрүнүн, материалдардын, жабдуулардын, технологиялардын, илимий-техникалык маалыматтардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн номенклатурасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тизмелер жана тизмектер тарабынан аныкталат. Кыргыз Республикасы өлкөнүн коопсуздугун, анын саясый, экономикалык жана аскердик таламдарын камсыз кылуунун негизинде гана аныкталуучу экспорттук контролдоонун бирдиктүү саясатын жүргүзөт. Ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык контролдоого алына турган экспорттук товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле интеллектуалдык иштин натыйжаларын, анын ичинде аларга болгон өзгөчө укуктарды алып кетүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жүзөгө ашырылат. (КР 2003-жылдын 24-декабрындагы № 239, 2011-жылдын 5-октябрындагы № 161 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-14)
