# 12-статья. Экспортко жана импортко сандык чектөө

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/541)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 2-июлундагы № 41 "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 02.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 8 августа 2023 года № 169 "О государственном регулировании внешнеторговой деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112653)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-510/edition/1277421/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/541/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 12-статья (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-12

---

Экспортко жана импортко сандык чектөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өзгөчө учурларда:

1) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу;

2) Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин ички товардык рыноктун абалын эске алуу менен аткаруу;

3) ушул Мыйзамдын 15-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын ички рыногун коргоо максатында киргизилиши мүмкүн.

Сандык чектөөлөрдү белгилөөдө квоталарды бөлүштүрүү жана лицензияларды берүү мыйзамдарга ылайык, эреже катары, конкурс же аукцион өткөрүү аркылуу же ушул Мыйзамдын 9-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн аткаруу бийлигинин органы тарабынан даярдоочу-уюмга артыкчылык укугун берүү менен квотаны суммалап аткарууга чейин экспорт жана (же) импорт боюнча иш-аракеттерди иш жүзүндө жүргүзүү тартибинде жүзөгө ашырылат. Конкурсту же аукционду өткөрүүдө мындай конкурска же аукционго катышуучулардын санын чектөөгө же менчигинин түрү, катталган жери, рыноктогу абалы боюнча аларды басмырлоого жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [11-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-11-1)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-13)
