# 11-1-статья. Тышкы соода ишин жүзөгө ашырууда лицензиялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/541)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 2-июлундагы № 41 "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 02.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 8 августа 2023 года № 169 "О государственном регулировании внешнеторговой деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112653)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-11-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-510/edition/1277421/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 11-1-статья (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-11-1

---

Товарларды экспорттоону жана (же) импорттоону лицензиялоо аларды аткаруу үчүн киргизилген чектөөлөрдүн максаттарына караганда товарларды экспорттоонун же импорттоонун ашыкча чектелген же бурмаланган таасирине ээ болбошу керек. Экспортко жана (же) импортко лицензия жана уруксат берүүнүн тартиби жана шарттары мыйзамдар жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат. Лицензияларды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарына, улуттук жана экономикалык коопсуздугунан келип чыккан товардын экспортунун жана (же) импортунун мүмкүндүгү жана максатка ылайыктуулугу жөнүндө адистештирилген эксперт-уюмдун корутундусу негиз болуп саналат. Сандык чектөөлөр белгиленген же уруксат берүү тартиби киргизилген товарларды экспорттоого жана (же) импорттоого лицензияларды берүү жөнүндө чечимди макулдашууну жүзөгө ашыруучу адистештирилген эксперт-уюмдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. (КР 2015-жылдын 10-июнундагы № 128 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-11)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-12)
