# 10-статья. Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуунун усулдары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/541)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 2-июлундагы № 41 "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 02.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 8 августа 2023 года № 169 "О государственном регулировании внешнеторговой деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112653)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/541#diff=1277425..1277426>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-510/edition/1277421/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/541/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 10-статья (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-10

---

Мамлекеттик тышкы соода саясаты Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерге жана актыларга, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына жана башка укуктук актыларына ылайык, тышкы соода ишин бажылык-тарифтик жөнгө салуу (ташып кирүү жана ташып чыгуу бажы алымдарын колдонуу) жана тарифтик эмес жөнгө салуу (анын ичинде, квоталоо жана лицензиялоо жолу менен) аркылуу жүзөгө ашырылат. Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кийлигишүүсү же ар кандай чектөөлөрдү белгилеши сыяктуу башка ыкмаларына жол берилбейт. Тышкы экономикалык иштин башка түрлөрүн, атап айтканда эл аралык инвестициялык кызматташтыкты, өндүрүштүк кооперацияны, валюталык жана каржылык-кредиттик иш-аракеттерди жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары жана башка укук актылары тарабынан жүзөгө ашырылат. (КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-11)
