# Ак-Тал айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-декабрындагы № 15/2 "Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Комиссия тууралуу типтүү жобо бекитүү" токтому

- Толук аталышы: Ак-Тал айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-декабрындагы № 15/2 "Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Комиссия тууралуу типтүү жобо бекитүү" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 15/2
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/540868>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-75757/edition/1128819/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Тал айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-декабрындагы № 15/2 "Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Комиссия тууралуу типтүү жобо бекитүү" токтому (27.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/540868

---

АК-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги XV-сессиясы

2018-жылдын 27-декабры № 15/2 Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Комиссия тууралуу типтүү жобо бекитүү Ак-Тал айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М.Байбагышованын билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, “Пробация жөнүндө”, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамдарын ишке ашыруу максатында Ак-Тал айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Комиссия тууралуу жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, “Пробация жөнүндө”, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамдарын ишке ашыруу максатында Ак-Тал айыл өкмөтүндө комиссиянын курамы түзүлсүн (тиркеме тиркелет).

3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл аймагынын өкмөт башчысы Сатаров Эркинбекке милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Тал айылдык Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби боюнча тармактык комиссиянын Кыдыралиев Санташбекке тапшырылсын.

Кенештин төрагасы

М.Ж. Сулайманов

Ак-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги ХV сессиясынын № 15/2 токтомуна №1 тиркеме

Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча түзүлгөн комиссиянын курамы:

1. Максүтов Болотбек - комиссиянын төрагасы, жергиликтүү жамааттын мүчөсү.

2. Дүйшөев Урматбек - комиссиянын төрагасынын орун басары, АКС инспектору

3. Тентимишова Жаңылмырза - комиссиянын катчысы, муниципалдык кызматкер.

Комиссиянын мүчөлөрү:

4. Аалыбаев Рахат - мектеп директору

5. Кыдыралиев Санташбек - депутат.

6. Усубалиева Роза - Аялдар Кеңешинин төрайымы.

7. Акматов Жолдошбек - айылдык имам

8. Абдылдаева Мыскал - Аялдар Кеңешинин мүчөсү, муниципалдык кызматкер.

9. Маширипова Жумабүбү - жергиликтүү жамааттын мүчөсү.

Жооптуу катчы:

М.Байбагышова
