# Арстанбап айылдык кеңешинин 2020-жылдын 6-июлундагы № 4 "“Арстанбап-Ата” гүмбөзүнүн астында курулган чайканадан туура пайдалануу максатында ижарага берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Арстанбап айылдык кеңешинин 2020-жылдын 6-июлундагы № 4 "“Арстанбап-Ата” гүмбөзүнүн астында курулган чайканадан туура пайдалануу максатында ижарага берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 06.07.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/540863>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-75752/edition/1128783/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Арстанбап айылдык кеңешинин 2020-жылдын 6-июлундагы № 4 "“Арстанбап-Ата” гүмбөзүнүн астында курулган чайканадан туура пайдалануу максатында ижарага берүү жөнүндө" токтому (06.07.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/540863

---

АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШ КЕЗЕКТЕГИ XVIII СЕССИЯСЫ

2020-жылдын 6-июлу № 4 “Арстанбап-Ата” гүмбөзүнүн астында курулган чайканадан туура пайдалануу максатында ижарага берүү жөнүндө Арстанбап жамеъ мечитинин жамаатын атынан Арстанбап айылдык Кеңешинин сессиясына жазылган арызды угуп жана талкуулап Арстанбап айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Арстанбап жамеъ мечит жамаатын атынан Арстанбап айылдык Кеңешинин сессиясына жазылган арызы эске алынсын жана “Арстанбап-Ата” гүмбөзүнүн астындагы чайкана аукцияон аркылуу ижарага берилсин.

2. Арстанбап айылындагы Арстанбап-Ата Гүмбөзү 15-кылымга таандык экендиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы №568 токтому менен Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарихый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине киргизилгени, азыркы күндө “Арстанбап-Ата” гүмбөзүнүн 2,78 га жер аянты 12.03.2015-жылдагы №4 токтому менен муниципалдык менчик түрүндө катталып мамлекеттик акты алынганы жана 0,32га жер аянтына Арстанбап-Ата гүмбөзүн заманбап долбоорда мемориялдык комплексин курууга жергиликтүү элдин демилгеси бар экендиги эске алынсын жана Арстанбап аксакалдар Кеңеши тарабынан гүмбөздү кароо максатында атайын бир киши дайындалсын.

3. Чайкананы ижарага алган атуулга ошол жерде санитардык гигиеналык талаптарга ылайык иш жүргүзүүсү милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арстанбап айыл аймагынын башчысы У.Таштанбековко жүктөлсүн.

Арстанбап айылдык Кеңешинин төрагасы:

Ж. Абдухалилов
