Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Арстанбап айылдык кеңешинин «“Арстанбап-Ата” гүмбөзүнүн астында курулган чайканадан туура пайдалануу максатында ижарага берүү жөнүндө» токтому
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШ КЕЗЕКТЕГИ XVIII СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 6-июлу № 4 “Арстанбап-Ата” гүмбөзүнүн астында курулган чайканадан туура пайдалануу максатында ижарага берүү жөнүндө Арстанбап жамеъ мечитинин жамаатын атынан Арстанбап айылдык Кеңешинин сессиясына жазылган арызды угуп жана талкуулап Арстанбап айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Арстанбап жамеъ мечит жамаатын атынан Арстанбап айылдык Кеңешинин сессиясына жазылган арызы эске алынсын жана “Арстанбап-Ата” гүмбөзүнүн астындагы чайкана аукцияон аркылуу ижарага берилсин.
2. Арстанбап айылындагы Арстанбап-Ата Гүмбөзү 15-кылымга таандык экендиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы №568 токтому менен Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарихый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине киргизилгени, азыркы күндө “Арстанбап-Ата” гүмбөзүнүн 2,78 га жер аянты 12.03.2015-жылдагы №4 токтому менен муниципалдык менчик түрүндө катталып мамлекеттик акты алынганы жана 0,32га жер аянтына Арстанбап-Ата гүмбөзүн заманбап долбоорда мемориялдык комплексин курууга жергиликтүү элдин демилгеси бар экендиги эске алынсын жана Арстанбап аксакалдар Кеңеши тарабынан гүмбөздү кароо максатында атайын бир киши дайындалсын.
3. Чайкананы ижарага алган атуулга ошол жерде санитардык гигиеналык талаптарга ылайык иш жүргүзүүсү милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арстанбап айыл аймагынын башчысы У.Таштанбековко жүктөлсүн.
Арстанбап айылдык Кеңешинин төрагасы:
Ж. Абдухалилов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.