# КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-декабрындагы № 865 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосундагы финансылык мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2002-жылдын 21-июнундагы № Д-3-2/659 Башкы макулдашуусуна Кошумча макулдашуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-декабрындагы № 865 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосундагы финансылык мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2002-жылдын 21-июнундагы № Д-3-2/659 Башкы макулдашуусуна Кошумча макулдашуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 865
- Кабыл алынган күнү: 20.12.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.02.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/54080>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-8922/edition/498848/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/54080.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-декабрындагы № 865 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосундагы финансылык мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2002-жылдын 21-июнундагы № Д-3-2/659 Башкы макулдашуусуна Кошумча макулдашуу жөнүндө" токтому (10.02.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/54080

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-февралындагы № 83/41/5 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2002-жылдын 20-декабры № 865 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосундагы финансылык мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2002-жылдын 21-июнундагы № Д-3-2/659 Башкы макулдашуусуна Кошумча макулдашуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2002-жылдын 13-июнунда кабыл алышкан Экономикалык саясат жөнүндө Кошумча меморандумдун баштапкы шартын аткаруу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык саясат боюнча кеңештин 2002-жылдын 20-декабрындагы № 12 протоколдук чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ТОКТОМ КЫЛЫШАТ: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосундагы финансылык мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2002-жылдын 21-июнундагы № Д-3-2/659 Башкы макулдашуусуна Кошумча макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министри Б.Е.Абилдаев ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кошумча макулдашууга Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга дайындалсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агентство жана "Кайрат" банк ачык типтеги акционердик коому Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен "Кайрат" банк ачык типтеги акционердик коомунун жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агентствонун ортосундагы 2000-жылдын 29-сентябрындагы № Д-3-2/1027 Активдерди жана пассивдерди өткөрүп берүүнүн жалпы шарттары жөнүндө макулдашууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте күчүн жоготту деп эсептешсин.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына карызын реструктуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Н.Танаев

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы

У.Сарбанов
