Арал айылдык кеңешинин «Арал айыл аймагында Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын түзүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 27-июлу № 1 Арал айыл аймагында Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын түзүү жөнүндө Коомчулактагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (КАИА) аткаруу комитетинин жетекчиси М.Ажыматованын маалыматын угуп жана талкуулап, 2005-жылдын 21-февралындагы №36 “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” КР мыйзамын жана 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамын жетекчиликке алып, Арал айыл аймагында түзүлгөн Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясын айылдык кеңеште каттоо боюнча Арал айылдык кеңешинин ХХI- чакырылышынын V- сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясы (КАИА) айылдык кеңештен каттоодон өткөрүлсүн
2. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестирине каттоо айылдык кеңештин жооптуу катчысы Г.Акматовага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары З.Акматалиевага милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы
Т. Оморов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндөЗакон · 21.02.2005 · № 36
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон