# Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 2021-жылдын 11-майындагы № 33/1 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Союзу менен кызматташууну күчөтүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 2021-жылдын 11-майындагы № 33/1 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Союзу менен кызматташууну күчөтүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 33/1
- Кабыл алынган күнү: 11.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/540541>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-75434/edition/1125484/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 2021-жылдын 11-майындагы № 33/1 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Союзу менен кызматташууну күчөтүү жөнүндө" токтому (11.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/540541

---

КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 33 сессиясы

2021-жылдын 11-майы № 33/1 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Союзу менен кызматташууну күчөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 24-октябрындагы №309 Жарлыгына жана “Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 13-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзунун мүчөсү болуп эсептелингендигинин негизинде Кара-Бүргөн айылдык кеӊеши ТОКТОМ кылат:

1. Кара-Бүргөн айылдык кеӊеши жана Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзунун Уставында белгиленген тартипте кызматташууну күчөтүү жана мындан ары өркүндөтүү боюнча иш-аракеттерди жүргүзсүн.

2. Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен тараптардын ар биринин милдеттерин камтыган келишимди иштеп чыгып, кол коюу жагы тапшырылсын.

3. Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө жогорудагы ченемдик укуктук актылардын негизинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзуна мүчө болгондуктан анын Уставынын3,7,пунктуна ылайык ар бир жылдын биринчи кварталында айыл аймактын калкынын санынын өсүшүнө жараша ар бир жашоочуга 1 сомдон кем эмес өлчөмдөгү мүчөлүк акыны жергиликтүү бюджеттин эсебинен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзунун эсептик счетуна которуп берүүгө уруксат берилсин.

4. Токтомду расмий булактарга жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

Айылдык кеңештин орун басары

Т. Жузупбеков
