# Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 2021-жылдын 29-июлундагы № 3/4 "Кара-Бүргөн айылындагы жайыт жерлерди коргоого алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 2021-жылдын 29-июлундагы № 3/4 "Кара-Бүргөн айылындагы жайыт жерлерди коргоого алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3/4
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/540540>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-75433/edition/1125480/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 2021-жылдын 29-июлундагы № 3/4 "Кара-Бүргөн айылындагы жайыт жерлерди коргоого алуу жөнүндө" токтому (29.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/540540

---

КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 3 сессиясы

2021-жылдын 29-июлу № 3/4 Кара-Бүргөн айылындагы жайыт жерлерди коргоого алуу жөнүндө Акыркы учурларда жайыт жерлерден мамлекет тарабынан коргоого алынгын жапайы өсүмдүктөрдү (эндик) мыйзамсыз казып, мыйзамсыз сатып өткөрүү менен алектенген учурлар көп кездешүүдө. Бул нерсенин туура эмес кесепетин бир канча жылдардан кийин өзүбүз тартып, мал- жандыктарыбыз үчүн жаратылыш кыртышын бузуп жатканыбызды тилекке каршы айрам жарандарыбыз ойлонбой жаткандыктары белгиленди жана мындан кийин да кайталануусун алдын алуу максатында,

1. Кыргыз Республикасынын “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин коргоо жана кайра өстүрүү максатында жапайы өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүн жана бөлүктөрүн, жаӊы үзгөн, жаӊы кайра иштетилген түрүн, продуктыларын жыйноого Кара-Бүргөн айыл аймагынын жайыт жерлериндеги жапайы өсүмдүктөрдү жыйноого, даярдоого тыюу салынсын.

2. Кара-Бүргөн айыл аймагынын жайыт жерлеринде өскөн табигый өсүмдүктөру коргоого алынсын.

Айылдык кеңештин төрагасы

Б.И. Кемелов
