# Постановление Правительства КР от 9 декабря 2002 года №839 "О государственных программах развития малых городов и поселков городского типа на 2003-2007 годы:г. Сулюкта Баткенской области; г.Кок-Янгак Джалал-Абадской области; пгт. Каджи-Сай Иссык-Кульской области; пгт Найман Ошской области; пгт. Минкуш Нарынской области; пгт. Маймак Таласской области; пгт. Орловка Чуйской области.

- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 839
- Кабыл алынган күнү: 09.12.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.09.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/54054>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-8896/edition/322120/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/54054.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление Правительства КР от 9 декабря 2002 года №839 "О государственных программах развития малых городов и поселков городского типа на 2003-2007 годы:г. Сулюкта Баткенской области; г.Кок-Янгак Джалал-Абадской области; пгт. Каджи-Сай Иссык-Кульской области; пгт Найман Ошской области; пгт. Минкуш Нарынской области; пгт. Маймак Таласской области; пгт. Орловка Чуйской области. (08.09.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/54054

---

КР Өкмөтүнүн

2008-жылдын 8-сентябрындагы № 505 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2002-жылдын 9-декабры № 839

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2003-2007-жылдарда чакан шаарларды жана шаарчаларды:

Баткен областынын Сүлүктү шаарын, Жалал-Абад

областынын Көк-Жањгак шаарын, Ысык-Көл

областынын Кажи-Сай шаарчасын, Ош областынын

Найман шаарчасын, Талас областынын Маймак

шаарчасын, Чүй областынын Орловка

шаарчасын өнүктүрүүнүн

мамлекеттик программалары

жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2005-жылдын 6-августундагы № 363 токтомунун

редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү региондорду өнүктүрүүнүн актуалдуу

проблемаларынын бири чакан шаарлардын жана шаарчалардын турмуштук аба-

лын камсыз кылуу проблемасы болуп саналаарын белгилейт.

Ушул шаарларга жана шаарчаларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин артыкчылык берилген багыты болуп эсеп-

телет.

Чакан шаарларды жана шаарчаларды андан ары өнүктүрүү жергиликтүү

өз алдынча башкаруу системасын чыњдоого, борбордон ажыратууга, жерги-

ликтүү коомчулуктардын, өкмөттүк эмес уюмдардын мүмкүнчүлүктөрүн пайда-

ланууга, өздөрүнүн жана тыштан тартылган ресурстарды натыйжалуу пайда-

ланууга негизделүүгө тийиш.

Азыркы мезгилде шаарлардын көпчүлүгү жергиликтүү бюджеттердин ту-

руксуздугунан улам калкты иш менен камсыз кылуу маселелерин, социалдык

кызмат көрсөтүүлөрдү, экологиялык проблемаларды өз алдынча чече албай

жатышат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 10-июнундагы N

305-б буйругуна ылайык чакан шаарларды жана шаарчаларды өнүктүрүүнүн

мамлекеттик программасы иштелип чыккан.

Мамлекеттик программаларды толук жана комплекстүү аткаруу макса-

тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- 2003-2007-жылдарда чакан шаарларды жана шаарчаларды: Баткен об-

ластынын Сүлүктү шаарын, Жалал-Абад областынын Көк-Жањгак шаарын,

Ысык-Көл областынын Кажи-Сай шаарчасын, Ош областынын Найман шаарчасын,

Талас областынын Маймак шаарчасын, Чүй областынын Орловка шаарчасын

өнүктүрүүнүн мамлекеттик программалары;

- 2003-2007-жылдарда чакан шаарларды жана шаарчаларды: Баткен об-

ластынын Сүлүктү шаарын, Жалал-Абад областынын Көк-Жањгак шаарын,

Ысык-Көл областынын Кажи-Сай шаарчасын, Ош областынын Найман шаарчасын,

Талас областынын Маймак шаарчасын, Чүй областынын Орловка шаарчасын со-

циалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын ишке ашы-

руу боюнча чаралардын матрицалары.

2. 2003-2007-жылдарда чакан шаарларды жана шаарчаларды: Баткен об-

ластынын Сүлүктү шаарын, Жалал-Абад областынын Көк-Жањгак шаарын,

Ысык-Көл областынын Кажи-Сай шаарчасын, Ош областынын Найман шаарчасын,

Талас областынын Маймак шаарчасын, Чүй областынын Орловка шаарчасын

өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын финансылык камсыз кылуу булак-

тары N 1-7-тиркемелерге ылайык аныкталсын.

3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-

тволор, мамлекеттик комиссиялар, жергиликтүү мамлекеттик администрация-

лар чакан шаарларды жана шаарчаларды кризистен чыгаруу боюнча практика-

лык жардам көрсөтүү, алардын социалдык экономикалык проблемаларын чечүү

боюнча таасирдүү чараларды көрүшсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын экономика, инвестициялар жана мамлекет-

тик менчик башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министри Н.Танаев
