# КР Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында кымбат баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында кымбат баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 834
- Кабыл алынган күнү: 09.12.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.05.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/54049>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-8891/edition/1148297/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/54049.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.05.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында кымбат баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө (24.05.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/54049

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2002-жылдын 9-декабры № 834 Кыргыз Республикасынын аймагында кымбат баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 238 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасында кымбат баалуу металлдар рыногун түзүү жана өнүктүрүү максатында, ошондой эле "Кымбат баалуу металлдар жана кымбат баалуу таштар жөнүндө" жана "Чет өлкөлүк валютадагы операциялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кымбат баалуу металлдардын чендик, стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмаларын сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүн жасоо жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 238 токтомунун редакциясына ылайык )

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын таламдаш министрликтери, мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору жана мамлекеттик комиссиялары менен бирдикте бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул токтомду кабыл алууга байланыштуу мурда кабыл алынган нормативдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды берсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын отун-энергетикалык комплекс жана кен казып алуу тармагы бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Н.Танаев
