# Постановление Правительства КР от 3 декабря 2002 года № 823 "О внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики по кадровым вопросам"

- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 823
- Кабыл алынган күнү: 03.12.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.04.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/54038>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-8880/edition/579978/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/54038.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.04.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление Правительства КР от 3 декабря 2002 года № 823 "О внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики по кадровым вопросам" (14.04.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/54038

---

УТРАТИЛО СИЛУ в соответствии с постановлением Правительства КР от 14 апреля 2009 года № 230

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2002-жылдын 3-декабры № 823 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кадр маселеси боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(В редакции постановления Правительства КР от 18 октября 2007 года № 472)

Областтык, райондук жана шаардык администрация башчыларынын жана областтык баш ийүүдөгү шаарлардын мэрлеринин орун басарларынын санын Кыргыз Республикасынын Президентинин мурда кабыл алынган чечимдерине ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (Утратил силу в соответствии с постановлением Правительства КР от 18 октября 2007 года № 472)

2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-августундагы № 406 "Областтык баш ийүүдөгү шаарлардын мэрияларынын аппараттарынын типтүү структурасы жана штаттык саны жөнүндө" токтомуна тиркеме төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Областтык баш ийүүдөгү шаарлардын

мэрияларынын аппараттарынын типтүү

структурасы жана штаттык саны

| Шаарлардын аталышы | Мэр | 1 Орун басар | Орун басар | Аппарат жетекчи | Сектор башчы | Башкы бухгал- тер |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |  |
| 0ш Жалал-Абад Талас Балыкчы Сүлүктү Кара-Көл Кызыл-Кыя Майлуу-Суу Таш-Көмүр Бардыгы | 1 1 1 1 1 1 1 1 1 9 | 1 1 | 2 2 1 1 1 1 1 1 1 11 | 1 1 1 1 1 1 1 1 1 9 | 4 2 1 2 1 2 2 2 2 18 | 1 1 1 1 1 1 1 1 1 9 |  |
| Систем. админист. | Башкы адис | Жетект. адис | 1-категор. адис | Жетекчин. секретары | Секретарь машинистка | Чарба башчысы | Бар- дыгы |
| 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 |
| 1 1 1 1 1 1 1 1 1 9 | 9 3 1 1 1 2 2 2 2 23 | 3 2 1 1 1 1 2 1 2 14 | 3 1 1 1 1 1 1 1 1 11 | 2 1 1 1 1 1 1 1 1 10 | 2 1 1 1 1 1 1 1 1 10 | 1 1 1 1 1 1 1 1 1 9 | 31 17 12 13 12 14 15 14 15 143 |

3. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15- февралындагы № 47 "Областтык, райондук жана шаардык мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын струтурасы жана штаттык саны жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 19-сентябрындагы № 636 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пункт алып салынсын;

- 3-пункт 2-пункт деп эсептелсин.

4. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2 августундагы № 406 "Областтык баш ийүүдөгү шаарлардын мэрияларынын аппараттарынын типтүү структурасы жана штаттык саны жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 15-майындагы № 305 токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын котролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын мамлекеттик кызмат жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр

Н.Танаев
