# Ат-Башы айылдык кеңешинин 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 8-6 "Ат-Башы айылынын тургуну Р. Мамбетказиевдин «Бишкек-Нарын-Торугарт» жолунда жайгашкан «Кызыл көпүрөгө» атасы маркум Мамбетказиев Макелендин атын ыйгаруу боюнча кайрылуусун кароо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ат-Башы айылдык кеңешинин 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 8-6 "Ат-Башы айылынын тургуну Р. Мамбетказиевдин «Бишкек-Нарын-Торугарт» жолунда жайгашкан «Кызыл көпүрөгө» атасы маркум Мамбетказиев Макелендин атын ыйгаруу боюнча кайрылуусун кароо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8-6
- Кабыл алынган күнү: 08.04.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/540337>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-75231/edition/1121187/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ат-Башы айылдык кеңешинин 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 8-6 "Ат-Башы айылынын тургуну Р. Мамбетказиевдин «Бишкек-Нарын-Торугарт» жолунда жайгашкан «Кызыл көпүрөгө» атасы маркум Мамбетказиев Макелендин атын ыйгаруу боюнча кайрылуусун кароо жөнүндө" токтому (08.04.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/540337

---

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы

2021-жылдын 8-апрели № 8-6 Ат-Башы айылынын тургуну Р. Мамбетказиевдин «Бишкек-Нарын-Торугарт» жолунда жайгашкан «Кызыл көпүрөгө» атасы маркум Мамбетказиев Макелендин атын ыйгаруу боюнча кайрылуусун кароо жөнүндө Ат-Башы айылынын тургуну Р.Мамбетказиевдин атасы маркум Мамбетказиев Макелендин атын ыйгаруу жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген «Мамлекеттик маанидеги обьекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби туралуу» Жобонун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Улуу Ата Мекендик согушунун ардагери маркум Мамбетказиев Макелендин атын Ат-Башы районундагы «Бишкек-Нарын-Торугарт» автожолунун 405 чакырымында жайгашкан «Кызыл көпүрөгө» ыйгаруу сунушу колдоого алынсын;

2. Ат-Башы районундагы «Бишкек-Нарын-Торугарт» автожолунун 405 чакырымында жайгашкан «Кызыл көпүрө» Ат-Башы айыл өкмөтүнүн карамагында болбогондуктан, кайрылуу ээсине тиешелүү айыл өкмөттөргө сунуштоо жагы түшүндүрүлсүн.

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасы

Т. Ыдырысов
