Ат-Башы айылдык кеңешинин «Ат-Башы айылынын тургуну Р. Мамбетказиевдин «Бишкек-Нарын-Торугарт» жолунда жайгашкан «Кызыл көпүрөгө» атасы маркум Мамбетказиев Макелендин атын ыйгаруу боюнча кайрылуусун кароо жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы
2021-жылдын 8-апрели № 8-6 Ат-Башы айылынын тургуну Р. Мамбетказиевдин «Бишкек-Нарын-Торугарт» жолунда жайгашкан «Кызыл көпүрөгө» атасы маркум Мамбетказиев Макелендин атын ыйгаруу боюнча кайрылуусун кароо жөнүндө Ат-Башы айылынын тургуну Р.Мамбетказиевдин атасы маркум Мамбетказиев Макелендин атын ыйгаруу жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген «Мамлекеттик маанидеги обьекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби туралуу» Жобонун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуу Ата Мекендик согушунун ардагери маркум Мамбетказиев Макелендин атын Ат-Башы районундагы «Бишкек-Нарын-Торугарт» автожолунун 405 чакырымында жайгашкан «Кызыл көпүрөгө» ыйгаруу сунушу колдоого алынсын;
2. Ат-Башы районундагы «Бишкек-Нарын-Торугарт» автожолунун 405 чакырымында жайгашкан «Кызыл көпүрө» Ат-Башы айыл өкмөтүнүн карамагында болбогондуктан, кайрылуу ээсине тиешелүү айыл өкмөттөргө сунуштоо жагы түшүндүрүлсүн.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасы
Т. Ыдырысов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 19-августу № 467 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо…Постановление · 19.08.2008 · № 467 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Расмий булактын маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 {*токтому:59463} менен…Положение · 19.08.2008 · № 467 · Күчүн жоготкон