# Көк-Жар айылдык кеңешинин2021-жылдын 10-июнундагы № 2/4 "Сугат айдоо жерлери категориясынын калктуу конуштардын жерлери категориясына которулган жер аянттарына турак жай курууга жер өлчөмүн белгилөө жөнүңдө" токтому

- Толук аталышы: Көк-Жар айылдык кеңешинин2021-жылдын 10-июнундагы № 2/4 "Сугат айдоо жерлери категориясынын калктуу конуштардын жерлери категориясына которулган жер аянттарына турак жай курууга жер өлчөмүн белгилөө жөнүңдө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2/4
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/540244>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-75139/edition/1118618/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көк-Жар айылдык кеңешинин2021-жылдын 10-июнундагы № 2/4 "Сугат айдоо жерлери категориясынын калктуу конуштардын жерлери категориясына которулган жер аянттарына турак жай курууга жер өлчөмүн белгилөө жөнүңдө" токтому (10.06.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/540244

---

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Көк-Жар айылдык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезектеги II – сессиясы

2021-жылдын 10-июну № 2/4 Сугат айдоо жерлери категориясынын калктуу конуштардын жерлери категориясына которулган жер аянттарына турак жай курууга жер өлчөмүн белгилөө жөнүңдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-жылдагы №512 Токтому менен бекитилген убактылуу тартибине ылайык жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №512 Токтому менен “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу айыл тургундарына 0,1га дан берилген жерлерге Көк-Жар айылынын “Кара-Теке” участкасынын №186,184,124-контурундагы 40.0га Көк-Жар айылындагы “Сарт-Арык” участкасынын №184,231-контурундагы 4,0га айыл чарба мамлекеттик фондунун сугат айдоо жерин, жалпы 44,0 га жери Көк-Жар айыл тургундарына 0,1га дан бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарууга жагы Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.

Тѳрага

А.Кадыракунов
