Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Казыбек айылдык кеңешинин «Айылдык кеңештин жооптуу катчысынын 1 штаттык кызмат ордун бекитүү жөнүндө» токтому
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 14-кезектүү сессиясы
2020-жылдын 19-июну № 1 Айылдык кеңештин жооптуу катчысынын 1 штаттык кызмат ордун бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020- жылдын 4-мартындагы №124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде, калкы 6001ден жогору болгон айыл аймактарында айылдык кеңештеринде жооптуу катчынын 1(бир) штаттык кызмат ордун бекитүү максатында, айылдык Кеңеш токтом кылат:
1. 2020-жылдын 5-февралындагы № 64 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде, калкы 6001ден жогору болгон айыл аймактарында айылдык кеңештеринде жооптуу катчынын 1(бир) штаттык кызмат орду бекитилсин.
2. Айылдык кеңештин жооптуу катчысынын штаттык бирдигин, айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага жүктөлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага
Д. Кайыпов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы № 64 "Айылдык кеңештерде акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.02.2020 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү…Постановление · 04.03.2020 · № 124