# Казыбек айылдык кеңешинин 2020-жылдын 11-сентябрындагы № 12 "Айыл өкмөтүнүн кеңсесинин түштүк жагындагы терезенин ордуна эшик ачууга уруксат алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Казыбек айылдык кеңешинин 2020-жылдын 11-сентябрындагы № 12 "Айыл өкмөтүнүн кеңсесинин түштүк жагындагы терезенин ордуна эшик ачууга уруксат алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 11.09.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.09.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/540195>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-75092/edition/1117714/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.09.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Казыбек айылдык кеңешинин 2020-жылдын 11-сентябрындагы № 12 "Айыл өкмөтүнүн кеңсесинин түштүк жагындагы терезенин ордуна эшик ачууга уруксат алуу жөнүндө" токтому (11.09.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/540195

---

КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 8-кезектүү сессиясы

2020-жылдын 11-сентябры № 12 Айыл өкмөтүнүн кеңсесинин түштүк жагындагы терезенин ордуна эшик ачууга уруксат алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура” Мыйзамынын 37-статьясынын негизинде, айыл өкмөтүнүн кеңсесинин түштүк жагындагы терезенин ордуна эшик ачууга мамлекеттик эксперттен уруксат алуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча которуу максатында, айылдык Кеңеш токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура” Мыйзамынын 37-статьясынын негизинде ,айыл өкмөтүнүн кеңсесинин түштүк жагындагы терезенин ордуна эшик ачууга мамлекеттик эксперттен уруксат алуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 50000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевга жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.

Төрага

Д. Кайыпов
