# 4-статья. Көлмөлөрдүн балык запастарын пайдалануу жана коргоо жагындагы башкаруу

- Документ: [Балык чарбасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/539)
- Толук аталышы: КР 1997-жылдын 25-июнундагы N 39 "Балык чарбасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 25.06.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.03.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2021 года № 35 "Об аквакультуре, рыболовстве и охране водных биологических ресурсов"](https://aqlex.ai/kg/doc/112193)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 февраля 2018 года № 20 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О рыбном хозяйстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111753)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 13.02.2018 [Закон КР от 13 февраля 2018 года № 20 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О рыбном хозяйстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111753); 01.06.2013 [Закон КР от 1 июня 2013 года № 89 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О рыбном хозяйстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/203897)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/539#diff=1064999..1065000>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/539/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-508/edition/1064996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/539/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Балык чарбасы жөнүндө, 4-статья (17.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/539/st-4

---

Балык запастарын пайдалануу жана коргоо боюнча мамилелерди жөнгө салуу жагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башкаруусуна:

- мамлекеттик маанидеги балык чарбасынын көлмөлөрүндөгү жана жалпы пайдалануудагы көлмөлөрдөгү балык запастарын тескөө, аларды пайдалануу жана коргоо тартибин белгилөө;

- бирдиктүү балык чарба саясатын жүргүзүүнүн программаларын иштеп чыгууну уюштуруу жана бекитүү;

- мамлекеттик маанидеги балык чарба көлмөлөрүн негизги пайдалануучуну аныктоо;

- балык чарбасын башкаруунун атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органы жөнүндө жобону бекитүү кирет.

Мамлекеттик маанидеги балык чарба көлмөлөрүнө Ысык-Көл, Соң-Көл көлдөрү жана Токтогул, Базар-Коргон, Киров, Орто-Токой суу сактагычтары таандык. Ысык-Көл Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголгон акваториясы менен мамлекеттик маанидеги көл болуп саналат, анда күнжеле форелин жана сырттан алынып келинген, жырткыч балыктардын түрлөрүн өстүрүүгө жана инкубациялоого тыюу салуу менен, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоого, туристтик ишке, суу транспорт ишине уруксат берилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча мамлекеттик маанидеги балык чарба көлмөлөрүнө башка көлмөлөр да таандык кылынышы мүмкүн. Балык чарбасын башкаруунун атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органы балык чарбасын өнүктүрүү жана башкаруу жагында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзөт, өнөр жайлык балык уулоону жана балык запастарын кайра өстүрүүнү уюштурууну, ошондой эле балык запастарын ведомстволук коргоону жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органы балык запастарын жана алар байырлаган чөйрөнү коргоого жана пайдаланууга мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат. Мамлекеттик эмес менчиктеги көлмөлөрдөгү балык запастарын көлөмөнүн менчик ээси тескейт. (КР 1998-жылдын 9-апрелиндеги № 32, 2013-жылдын 1-июнундагы № 89, 2018-жылдын 13-февралындагы № 20 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/539/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/539/st-5)
