# 2-статья. Ушул Мыйзам жөнгө салуучу объекттер

- Документ: [Балык чарбасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/539)
- Толук аталышы: КР 1997-жылдын 25-июнундагы N 39 "Балык чарбасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 25.06.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.03.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2021 года № 35 "Об аквакультуре, рыболовстве и охране водных биологических ресурсов"](https://aqlex.ai/kg/doc/112193)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/539/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-508/edition/1064996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/539/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Балык чарбасы жөнүндө, 2-статья (17.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/539/st-2

---

Балык чарбасы - көлмөлөрдөгү жана тосмо көлмөлөрдөгү балык запастарынын түрлөрүн жакшыртууга, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан балык чарбасынын субъекттеринин товардык балыктарды, тукумдук жана асыл тукумдук материалдарды өстүрүү, балык уулоо, аны коргоо жана кайра иштетүү боюнча ишин камсыз кылууга багытталган балык өстүрүүнүн, балык уулоонун жана балык запастарын кайра өстүрүүнүн жана коргоонун системасы. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндөгү жана жалпы пайдалануудагы көлмөлөрдөгү балыктардын табигый жана колдо өстүрүлгөн запастарына ээлик кылууда, пайдаланууда жана тескөөдө келип чыккан мамилелерди жөнгө салат. Кыргыз Республикасынын аймагында болгон ар кандай категориядагы көлмөдөрдөгү табигый балык запастары Кыргыз Республикасынын менчиги болуп эсептелет. Балык чарбасынын көлмөлөрү - өнөр жайлык негизде балык уулоо үчүн пайдаланылган же пайдаланылышы мүмкүн болгон же өнөр жайлык негиздеги балыктардын запастарын сактоо жана кайра өстүрүү үчүн мааниси бар көлмөлөр, ошондой эле балык өстүрүү үчүн атайын курулган жасалма көлмөлөр. Жалпы пайдалануудагы көлмөлөр - ышкыбоздук жана спорттук негизде балык уулоону уюштуруу үчүн арналган корук участокторунан башка өзөн-суулар, көлдөр, тосмо көлмөлөр, суу сактагычтар жана аларга куйган суулар. (КР 1998-жылдын 9-апрелиндеги № 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/539/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/539/st-3)
