# 19-статья. Балык чарбаны өнүктүрүү фондун түзүү жана пайдалануу

- Документ: [Балык чарбасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/539)
- Толук аталышы: КР 1997-жылдын 25-июнундагы N 39 "Балык чарбасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 25.06.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.03.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2021 года № 35 "Об аквакультуре, рыболовстве и охране водных биологических ресурсов"](https://aqlex.ai/kg/doc/112193)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2008 года № 199 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202413)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/539#diff=1064997..1064998>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/539/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-508/edition/1064996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/539/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Балык чарбасы жөнүндө, 19-статья (17.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/539/st-19

---

Балык чарбаны өнүктүрүү фонду төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:

- республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден максаттуу балык чарба программаларын ишке ашыруу үчүн бөлүнүүчү которуулардан;

- менчигинин формасына жана чарба жүргүзүүсүнүн ыкмасына карабастан жеке адамдардан жана юридикалык жактардан, анын ичинде биргелешкен жана чет өлкөлүк юридикалык жактардан, балык чарба көлмөлөрүн жана суудагы биологиялык ресурстардан пайдалангандык үчүн түшүүлөрдөн;

- жеке адамдардын жана юридикалык жактардын балык чарбаны өнүктүрүүгө ыктыярдуу кошумчаларынан;

- балык запастарын көбөйтүү боюнча жумуштарды каржылоо үчүн максаттык каражаттардан;

- балык өстүрүүгө, балык уулоого жана балык запастарын корууга инвестицияларды жана гранттарды тартуудан түшкөн каражаттардан;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка түшүүлөрдөн (анын ичинде чет өлкөлүк валютада);

- Кыргыз Республикасынын балык чарбасын өнүктүрүү фондунун каражаттары төмөнкүдөй иш-чараларды каржылоого жумшалат;

- балык тармагын өнүктүрүүгө жана мамлекеттик балык өстүрүүчү чарбаларды уюштурууга;

- балык өстүрүүчү ишканаларда жана алардын көлмө фондунда оңдоо-калыбына келтирүү жана реконструкциялоо жумуштарын жүргүзүүгө;

- балык чарбалык жана башка көлмөлөрдө илимий жана ихтиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;

- балык чарбалык көлмөлөрдө жана көлмөлүк балык чарбаларда балык өстүрүү- мелиорация жумуштарын жана балыктардын ылаңдарынын алдын алуу, балык өстүрүүчү чарбаларды митефаунадан жана балыктардын инвазийлеринен тазалоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;

- балык питомниктерин жана инкубациялык цехтерди түзүүгө;

- республиканын балык чарбалык көлмөлөрүн балыктандыруу үчүн балыктын кое берилүүчү сапаттуу материалын алууга;

- көлмөлүк балык чарбаларда селекциялык-асыл тукумдук ишти жүргүзүүгө;

- балык чарбасын өстүрүүгө багытталган республикалык жана регионалдык программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга;

- ышкыбоздук жана спорттук балык кармоо үчүн маданий балык чарбаларды уюштурууга жана өнүктүрүүгө;

- балыкты коруу мыйзамдарын жана нормативдик укуктук актыларын иштеп чыгууга, балык чарба көлмөлөрүн жана суудагы биологиялык ресурстарды пайдалануунун экономикалык механизмин өркүндөтүүгө;

- садоктук жана көлдүк-товардык балык чарбаларды өнүктүрүүгө жана аларды заманбап жабдуулар жана шаймандар менен жабдууга;

- балык чарбалары үчүн балык өстүрүүчү жабдууларды, мүлктөрдү, инвентарларды жана балык комбикормдарын сатып алууга;

- балык запастарын корууга жана көбөйтүүгө, балыктардын баалуу түрлөрүн жана суудагы жемдик организмдерди климатташтырууга жана республиканын көлмөлөрүнө кое берүүгө;

- балык чарбасы үчүн кадрларды даярдоого жана кайра даярдоого;

- балык чарбаны өнүктүрүү жана балык чарбалык көлмөлөрдөгү браконьерликке каршы күрөшүү боюнча иш-чараларга активдүү катышкан адамдарды сыйлоого;

- балык чарбаны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын материалдык-техникалык базасын чыңдоого;

Фондду түзүүнүн жана каражаттарын пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. (КР 2008-жылдын 5-августундагы № 199 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/539/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/539/st-20)
