# 14-статья. Балык запастарын жана алар байырлаган чөйрөнү коргоону камсыздоо боюнча иш-чаралар

- Документ: [Балык чарбасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/539)
- Толук аталышы: КР 1997-жылдын 25-июнундагы N 39 "Балык чарбасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 25.06.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.03.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2021 года № 35 "Об аквакультуре, рыболовстве и охране водных биологических ресурсов"](https://aqlex.ai/kg/doc/112193)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2008 года № 199 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202413)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.08.2008 [Закон КР от 5 августа 2008 года № 199 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202413); 09.04.1998 [Закон КР от 9 апреля 1998 года №32 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О рыбном хозяйстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/43)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/539#diff=1064997..1064998>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/539/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-508/edition/1064996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/539/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Балык чарбасы жөнүндө, 14-статья (17.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/539/st-14

---

Балык запастарын жана алар байырлаган чөйрөнү коргоо:

- балык запастарын коргоо, пайдалануу жана кайра өстүрүү боюнча эрежелерди, ченемдерди, мөөнөттөрдү жана башка талаптарды белгилөө;

- балык ресурстарынын жана алар байырлаган чөйрөнүн абалына жана аларды кайра өстүрүүгө таасир берүүчү объекттерди жана курулуштарды куруу боюнча долбоорлордо каралган, балык запастарын коргоо боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;

- балык запастарынын эсебин алууну жүзөгө ашыруу;

- балык чарба көлмөлөрүндө балык кармоону чектөө жана аларда балыктардын жаңы түрлөрүн үйүр алдыруу;

- балык ресурстарын сарамжал пайдалануу жана кайра өстүрүү жаганда илимий изилдөөлөр жүргүзүү;

- балык ресурстары байырлаган чөйрөнү жана аларды кайра өстүрүү шарттарын коргоо жана жакшыртуу;

- балык запастарына жана алар байырлаган чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу жолу менен камсыз кылынат.

Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө жашаган балыктардын өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрү өзгөчө корулууга тийиш. Балыктардын өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрү болуп Ысык-Көлдүн жана Аму дарыясынын форель, сиг-лудога, пеляды, Ысык-көлдүн көкчаар осман, чабак, чабакча, маринка жана сазандары эсептелет. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары же Өкмөтүнүн чечимдери менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык көлмөлөрүндө жашаган балыктардын өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого чектөө киргизилиши мүмкүн. (КР 1998-жылдын 9-апрелиндеги № 32 Мыйзамынын, 2008-жылдын 5-августундагы № 199 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/539/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/539/st-15)
