# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-сентябрындагы № 624 "Мамлекеттик мүлктү андан ары сатып алуу менен башкарууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-сентябрындагы № 624 "Мамлекеттик мүлктү андан ары сатып алуу менен башкарууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 624
- Кабыл алынган күнү: 12.09.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/53821>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-8700/edition/1277919/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/53821.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-сентябрындагы № 624 "Мамлекеттик мүлктү андан ары сатып алуу менен башкарууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (15.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/53821

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2002-жылдын 12-сентябры N 624

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Мамлекеттик мүлктү андан ары сатып алуу менен башкарууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы N 94 токтомунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу, акциялардын мамлекеттик пакетин башкарууда мамлекеттин таламдарын көрсөтүүнү камсыз кылуу жана чарбалык өнөктөштүктөрдүн жана коомдордун мамлекетке таандык акцияларын (уставдык капиталындагы үлүштөрүн) менчиктештирүүдө андан ары сатып алуу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу методун пайдалануу боюнча шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Мамлекеттик мүлктү андан ары сатып алуу менен башкарууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы N 94 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 12-июлундагы N 276 "Акционердик жана башка келишимдик коомдордо акциялардын мамлекеттик пакетин башкаруу укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жана мамлекеттик ишканаларды менеджерлик башкарууга берүү жөнүндө жоболорду бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономика, инвестиция жана региондук өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Н.Танаев
