# 9-статья. Сорттук үрөндөрдүн фондулары, аларды калыптандыруу жана пайдалануу

- Документ: [Үрөн жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/538)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 19-июнундагы № 38 "Үрөн жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 19.06.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 159 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О семенах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112638)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 159 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О семенах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112638); 05.03.2019 [Закон КР от 5 марта 2019 года № 32 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О семенах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111876); 08.01.2007 [Закон КР от 8 января 2007 года № 1 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О семенах"](https://aqlex.ai/kg/doc/202035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/538#diff=1270364..1270365>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/538/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-507/edition/1270358/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/538/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үрөн жөнүндө, 9-статья (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/538/st-9

---

1. Сорттук үрөндөрдү аларды өндүрбөгөн же аларды өндүрүү үчүн чектелген мүмкүнчүлүктөрү бар башка райондорго, ошондой эле эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттерге жана табигый кырсыктардын учурунда региондорго жардам көрсөтүү үчүн жөнөтүүлөрдү камсыз кылуу максатында сорттук үрөндөрдүн мамлекеттик фондусу жана сорттук үрөндөрдүн региондук фондусу түзүлөт.

2. Үрөндөрдүн мамлекеттик жана региондук фондулары Мамлекеттик реестрине киргизилген үрөндөрдүн сортторунан даярдалат.

3. Мамлекеттик ресурстарда даярдалуучу өсүмдүктөрдүн топтору боюнча сорттук үрөндөрдүн мамлекеттик фондусунун көлөмү аларды өндүрүүчүлөрдү көрсөтүү менен айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органынын көрсөтүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат жана Кыргыз Республикасында сорттук үрөн өндүрүүчүлөрдөн контракттык негизде сатып алуунун эсебинен, ошондой эле импорт боюнча калыптандырылат.

4. Республиканын мамлекеттик ресурстарындагы эгилген жерлер табигый-климаттык шарттардын таасиринен жана башка табигый кырсыктардан зыян тартканда камсыздандыруучу жана өткөрүлүп берилүүчү үрөндүк фондулардын корунун көлөмү айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы тарабынан белгиленет.

5. Өсүмдүктөрдүн топтору боюнча сорттук үрөндүн региондук фондуларынын көлөмү аткаруу бийлигинин жергиликтүү органы тарабынан аныкталат жана өз административдик чек арасынын ичиндеги жана анын чегинен тышкары жердеги үрөн өндүрүүчүлөрдөн контракттык негизде сатып алуунун эсебинен, ошондой эле импорт боюнча калыптандырылат.

6. Сорттук үрөндөрдүн мамлекеттик фондусун айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы тескейт. Сорттук үрөндөрдүн региондук фондуларын пайдалануунун тартиби аткаруу бийлигинин жергиликтүү органы тарабынан аныкталат.

(КР 2007-жылдын 8-январындагы № 1, 2019-жылдын 5-мартындагы № 32, 2023-жылдын 4-августундагы № 159 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/538/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/538/st-10)
