# 6-статья. Сорттук үрөндөрдү өндүрүү жана сатып өткөрүү укугу

- Документ: [Үрөн жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/538)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 19-июнундагы № 38 "Үрөн жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 19.06.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 марта 2019 года № 32 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О семенах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111876)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.03.2019 [Закон КР от 5 марта 2019 года № 32 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О семенах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111876); 18.07.2016 [Закон КР от 18 июля 2016 года № 120 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О семенах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111399); 08.01.2007 [Закон КР от 8 января 2007 года № 1 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О семенах"](https://aqlex.ai/kg/doc/202035); 04.06.2005 [Закон КР от 4 июня 2005 года № 69 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О семенах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1669)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/538#diff=1270362..1270363>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/538/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-507/edition/1270358/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/538/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үрөн жөнүндө, 6-статья (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/538/st-6

---

1. Коргоого алынган сорттордун патент ээсинин таламдарын эске алуу менен үрөндөрдүн ээсинен буга уруксаты бар бардык юридикалык жана жеке жактар сорттук үрөндөрдү өндүрүү жана сатып өткөрүү укугуна ээ болушат.

2. Сорттук үрөндөрдү өндүрүүчүлөр:

патент ээсинин сортту пайдалануудан баш тартуу жөнүндө чечимин сот тартибинде талашууга; үрөндөрдү, көчөт материалын сертификациялоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдан үрөндөрдүн текшерилүүчү үлгүлөрүнө талдоо жүргүзүүнү жана ылайык келүү сертификатын, үрөндөрдүн сорттук жана себүү сапаттары жөнүндө документтерди белгиленген мөөнөттөрдө берүүнү талап кылууга укуктуу.

3. Сорттук үрөндөрдү өндүрүүчүлөр:

Мамлекеттик реестрине киргизилген сорттордун жана гибриддердин үрөндөрүн өстүрүү боюнча схемаларды бекем сактоого жана үрөндү өстүрүүгө ылайык келүү сертификатын алууга; өз чарбасында сатылып алынган жана пайдаланылган үрөндүн санынын жеке эсебин алууга, алардын келип чыгышын, сорттук жана себилүүчү үрөндүн сапаттарын билүүгө; эсепке алынган материалдардын айыл чарбасында - үч жыл бою, токой чарбасында беш жыл бою сактоону камсыз кылууга; айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органына сорттук үрөндүк тилкелерди инспекциядан өткөрүүгө жана айыл чарба өсүмдүктөрү гибриддештирилген участокторду жеринде иликтөөнү жүргүзүүгө өз убагында билдирме берүүгө; эгилген жерлерди жана көчөттөрдү иликтөөнү жүзөгө ашырууга жана "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык карантиндик объектилерге каршы күрөш жүргүзүүгө; айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органынын жана анын тиешелүү ыйгарым укуктуу структураларынын кызматкерлерине жана инспекторлоруна өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарышы үчүн үрөндүк, үрөнчүлүк тилкелерге жана көчөттөргө, талдоо жүргүзүүгө коюлган үрөндөрдүн бардык топторуна, кампалык жана бухгалтердик документтерге карата эркин мүмкүнчүлүк берүүгө милдеттүү; сорттун оригинаторунан же үрөндүн ээсинен сорттук үрөндөрдү өндүрүүгө жана сатууга уруксаты (контракты), ал эми коргоого алынган сортторго патент ээси же анын укук мураскери менен түзүлгөн лицензиялык келишими болууга тийиш. (КР 2005-жылдын 4-июнундагы № 69, 2007-жылдын 8-январындагы № 1, 2016-жылдын 18-июлундагы № 120, 2019-жылдын 5-мартындагы № 32 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/538/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/538/st-7)
