# 5-статья. Сорттук үрөндөрдү маркировкалоо, таңгактоо, сактоо

- Документ: [Үрөн жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/538)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 19-июнундагы № 38 "Үрөн жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 19.06.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 159 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О семенах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112638)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 159 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О семенах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112638); 05.03.2019 [Закон КР от 5 марта 2019 года № 32 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О семенах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111876); 08.01.2007 [Закон КР от 8 января 2007 года № 1 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О семенах"](https://aqlex.ai/kg/doc/202035); 04.06.2005 [Закон КР от 4 июня 2005 года № 69 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О семенах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1669)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/538#diff=1270364..1270365>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/538/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-507/edition/1270358/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/538/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үрөн жөнүндө, 5-статья (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/538/st-5

---

1. Соода-сатык жүгүртүүсүнө киргизилген сорттук үрөндөр тиешелүү баштыкка, капка салынууга жана этикетка (маркировка) чапталууга тийиш. Үрөндүк материалдын сапаты жөнүндө толук жана так маалымат берилген этикетка таңгакка жазылат же ага бекитилип коюлат.

Этикеткадагы үрөндөрдүн түрүндө жана категориясында камтылган маалыматтын аныктыгына контролдук текшерүүнү үлгү алып туруучу жүргүзөт. Химиялык жана биологиялык препараттар менен иштетилген үрөн салынган идиштерге тиешелүү эскертүүчү жазуу жазылууга, ал эми этикеткада же коштомо документте үрөндөрдү коопсуз пайдалануу боюнча нускамалар жана препараттардын адамдардын ден соолугуна жана жаныбарларга таасирлеринин түрлөрү жана алардын кесепеттери тууралу маалымат камтылууга тийиш.

2. Үрөндүк (көчөттүк) материалды өндүрүүгө жана сатып өткөрүүгө укук алган жеке адамдар жана юридикалык жактар үрөндөрдүн ылайык келүү сертификатында көрсөтүлгөн сорттук жана жалпы сапаттарын, ошондой эле сорттун оригиналдуу атын өзгөртүүсүз сактоого милдеттүү, үрөндөрдү сактоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2005-жылдын 4-июнундагы № 69, 2007-жылдын 8-январындагы № 1, 2019-жылдын 5-мартындагы № 32, 2023-жылдын 4-августундагы № 159 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/538/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/538/st-6)
