# 2-статья. Үрөндөр боюнча мыйзамдар жана аларды колдонуу

- Документ: [Үрөн жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/538)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 19-июнундагы № 38 "Үрөн жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 19.06.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/538/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-507/edition/1270358/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/538/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үрөн жөнүндө, 2-статья (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/538/st-2

---

1. Үрөндөр боюнча мыйзамдар ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынан жана тиешелүү нормативдик укуктук актылардан турат.

2. Ушул Мыйзамдын күчү көбөйтүү жана сортун өстүрүү үчүн арналган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жергиликтүү жана чет өлкөдөн алынып келинген бардык түрлөрүнө, токойдогу, өсүмдүктөргө, жер-жемиштерге, мөмөлөргө, декоративдүү өсүмдүктөргө, гүлдөргө жана дарылык чөптөргө карата жайылтылат.

3. Ушул Мыйзамдын жоболору үрөндүк жана эгилүүчү өсүмдүктөрдү бардык өндүрүүчүлөргө, керектөөчүлөргө карата Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында, ошондой эле ортомчуларга, даярдоочу, соода кылуучу жана транспорттук уюмдарга, юридикалык жактарга жана жеке адамдарга, анын ичинде чет мамлекеттердин юридикалык жактарына жана жеке адамдарына карата колдонулат.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/538/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/538/st-3)
