# 11-статья. Сорттук үрөндөр менен тышкы соода жүргүзүү

- Документ: [Үрөн жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/538)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 19-июнундагы № 38 "Үрөн жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 19.06.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 159 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О семенах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112638)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 159 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О семенах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112638); 05.03.2019 [Закон КР от 5 марта 2019 года № 32 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О семенах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111876); 18.07.2016 [Закон КР от 18 июля 2016 года № 120 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О семенах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111399); 08.01.2007 [Закон КР от 8 января 2007 года № 1 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О семенах"](https://aqlex.ai/kg/doc/202035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/538#diff=1270364..1270365>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/538/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-507/edition/1270358/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/538/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үрөн жөнүндө, 11-статья (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/538/st-11

---

1. Импорт боюнча мамлекеттик фондуга сорттук үрөндөрдү сатып алуунун көлөмү боюнча чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат жана мамлекеттик буюртмачылар аркылуу борбордоштурулган тартипте жүзөгө ашырылат.

Башка адамдар жана субъектилер өз каражаттарынын эсебинен белгиленген тартипте үрөндөрдү чет өлкөдөн өз алдынча сатып алууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын аймагына үрөндөрдү ташып келүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

2. Төмөндөгү:

ушул Мыйзамдын 10-статьясынын 4-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, Мамлекеттик реестрге киргизилбеген; алардын сорттук жана себилүүчү үрөндүн сапаттарын күбөлөндүргөн документи жок; фитосанитардык сертификаты же экспорттогон өлкө тарабынан берилген күбөлүгү жок; ачык ташып келүү учурунда химиялык жана биологиялык препараттар менен иштетилген үрөндөрдү Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө тыюу салынат; республиканын экологиясына жана калкынын ден соолугуна коркунучтуу болгон.

3. Чет мамлекеттерден почта аркылуу Кыргыз Республикасында жашаган граждандардын дарегине үрөндөрдү салып жиберүүгө, ошондой эле аларды жүк менен фитосанитардык сертификатсыз алып өтүүгө тыюу салынат.

4. Экспорттолуучу үрөндөр келишимдерде же эл аралык макулдашууларда каралган шарттарга жооп берүүгө жана белгиленген тартипке ылайык алып кетүүгө жатпаган объектилердин тизмегине кирбөөгө тийиш.

5. Эгерде жөнөтүүлөрдүн шарттарында башкача айтылбаса, сорттук үрөндөрдү импорттоодо жана экспорттоодо эл аралык (мамлекеттер аралык) үлгүдөгү сертификаттар туура деп табылат.

6. Үрөндөрдү алып келүүгө контролдук жүргүзүү жүктөлгөн бажы органдары, ошондой эле өсүмдүктөрдүн карантини боюнча чек ара пункттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

7. (КР 2016-жылдын 18-июлундагы № 120 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

8. Үрөндөрдү Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо эл аралык үлгүдөгү (ИСТА) сертификаттар, ошондой эле ОЕСДнын сорттук күбөлүктөрү болгон шартта үрөндөрдү, көчөт материалын сертификациялоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан сертификатташтыруу боюнча органдары менен тийиштүү макулдашууну түзгөн экспорттоочу өлкөлөрдүн үрөндүн сапаты жөнүндө документтери таанылат.

9. (КР 2019-жылдын 5-мартындагы № 32 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2007-жылдын 8-январындагы № 1, 2016-жылдын 18-июлундагы № 120, 2019-жылдын 5-мартындагы № 32, 2023-жылдын 4-августундагы № 159 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/538/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/538/st-12)
