# Постановление Правительства КР от 29 августа 2002 года №591 "Об общественной приёмной Премьер-министра Кыргызской Республики"

- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 591
- Кабыл алынган күнү: 29.08.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/53782>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-8665/edition/360661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/53782.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление Правительства КР от 29 августа 2002 года №591 "Об общественной приёмной Премьер-министра Кыргызской Республики" (25.03.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/53782

---

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 182 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2002-жылдын 29-августу N 591 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабылдамасы жөнүндө Коомдун жана ар бир жарандын социалдык-экономикалык пробле- маларын өзүнчө чечүү, бийлик органдары менен өз ара аракетте- нүүнүн калкка кыйла кеңири жана оперативдүү мүмкүнчүлүктөрүн берүү боюнча иштерди өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасы- нын Өкмөтү токтом кылат:

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жерги-

ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында Кыргыз Республи- касынын Премьер-министринин коомдук кабылдамасы түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабылда-

масы жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын

мамлекеттик кызмат, жергиликтүү мамадминистрациялар жана жер- гиликтүү өз алдынча башкаруу иштери бөлүмү Кыргыз Республикасы- нын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте Кыргыз Рес- публикасынын Премьер-министринин коомдук кабылдамасынын катчысы- нын милдеттерин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппараттарынын башкы адисине жүктөө жөнүндө маселе- ни белгиленген тартипте чечсин.

4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администра-

циялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабылдамасын иштөө- чү жай, керектүү жабдуулар, байланыш каражаты жана зарыл сарптоо материалдар менен камсыз кылышсын.

5. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик

ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабылдамалары- нын иш-аракеттерине ар тараптан көмөк көрсөтүшсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын мамлекеттик кызмат, жергиликтүү мамадминистрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Н.Танаев
