# КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-сентябры N 546 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жазык-аткаруу системасын реформалоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-сентябры N 546 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жазык-аткаруу системасын реформалоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 546
- Кабыл алынган күнү: 10.09.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.08.2002
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/53776>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-8659/edition/321701/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/53776.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.08.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-сентябры N 546 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жазык-аткаруу системасын реформалоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө" Токтому (20.08.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/53776

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы N 572 токтомуна ылайык күчүн жоготкон

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2001-жылдын 10-сентябры N 546

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жазык-аткаруу системасын реформалоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Борбордук мамлекеттик башкаруу органдарын өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө" 2000-жылдын 28-декабрындагы N 343 Указын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жазык-аткаруу системасын реформалоо боюнча иш-чаралардын тиркелген планы бекитилсин.

2. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин административдик ведомстволордун, мамлекеттик комиссиялардын жетекчилери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкармалыктардын башчылары Планда көрсөтүлгөн мөөнөттө бардык иш-чараларды аткарууну камсыз кылышсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратына тапшырылсын.

Биринчи вице-премьер-министр Н.Танаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-сентябрындагы N 546 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жазык-аткаруу системасын реформалоо боюнча Иш-чаралар планы

| N | Иш-чаралардын аталышы | Жооптуу аткаруучу | Аткаруу мөөнөттөрү |
| --- | --- | --- | --- |
| 1 | Укуктук маселелер |  |  |
| 1.1 | "Жазык-аткаруу системасын реформалоого бай- ланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мый- зам актыларына өзгөртүү жана толуктоо кир- гизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мый- зам долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Рес- публикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыга- руу жыйынынын кароосуна киргизүү, анын ичинде: - Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу ко- декси; - Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуал- дык кодекси; - "Аскер кызматындагыларды пенсиялык жактан камсыз кылуу тууралу" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамы; - "Оперативдик-иликтөө ишмерлик тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - "Курал-жарак тууралу" Кыргыз Республика- сынын Мыйзамы; - "Ички аскерлер тууралу" Кыргыз Республи- касынын Мыйзамы. | Юстмин ИИМ | 2001-жыл- дын сентя- брь-октяб- ры |
| 1.2 | "Жазык-аткаруу системасынын органдары жана мекемелери тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын кароосуна киргизүү | Юстмин ИИМ | 2001- жылдын сентябрь -октябры |
| 1.3 | "Кылмыш жасоодо шектүүлөрдү жана күнөөлүүлөрдү камакта кармоо тууралу" Кыр- гыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жо- горку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын кароосуна киргизүү | ИИМ Юстмин Башкы проку- ратура | 2001- жылдын сентябрь- октябры |
| 1.4 | Түзөтүү-эмгек мекемелери үчүн НДСтин нөлдүк ставкасын караган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иш- теп чыгуу | Юстмин ИИМ Финмин | 2001- жылдын сентябрь- октябры |
| 1.5 | "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-ат- каруу кодексине жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына өзгөртүү жана то- луктоо киргизүү тууралу" (соттолгондордун жана камакка алынгандардын санын азайтууну караган) Кыргыз Республикасынын Мыйзам дол- боорун иштеп чыгуу | Юстмин ИИМ | 2001- жылдын октябрь- ноябры |
| 1.6 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы- нын долбоорун иштеп чыгуу: "Кыргыз Респуб- ликасынын ИИМинин жазык-аткаруу системасын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги- нин карамагына өткөрүп берүү тууралу" | Юстмин ИИМ | 2001- жылдын июлу |
| 1.7 | Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыр- гыз Республикасынын Президентинин айрым че- чимдерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу" Указынын долбоорун иштеп чыгуу, анын ичинде: - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы N 364 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын башкаруу структураларын андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар тууралу" Указы; - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 3-июлундагы N 167 "Кыргыз Рес- публикасынын Мамлекеттик кызматтар реестрин бекитүү тууралу" Указы. | Юстмин ИИМ | 2001- жылдын сентябры |
| 1.8 | "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрли- гинин жазык-аткаруу системасында кызмат өтөө тартиби жөнүндө Жобону бекитүү туура- лу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токто- мунун долбоорун даярдап чыгуу | Юстмин ИИМ | 2001- жылдын сентябрь- октябры |
| 1.9 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жазаларды аткаруу сисемасынын ишине тиешелүү Кыргыз Республикасынын айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу Кыргыз Рес- публикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорлорун даярдоо, анын ичинде: Кыргыз Республикасынын Ички иштер минист- рлиги жана Юстиция министрлиги тууралу Жо- болор Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги- нин жаза-аткаруу системасынын мекемелери менен органдары тарабынан аткаруу-эмгек ме- кемелерин кайтаруу иш-милдеттерин жана сот- толгондор менен камакка алынган адамдарды конвойго алуу шарттарын аткаруу тартиби жа- на шарттары - аскер кызматчыларынын, ички иштер орган- дарынын катардагы жана башкаруучу курамынын иштеген жылдарын эсептөө, пенсия жана посо- бие дайындоо жана төлөө тартиби | Юстмин, ИИМ ИИМ, Юстмин ИИМ, Юстмин | 2001- жылдын август- сентябы 2001- жылдын сентябрь 2001- жылдын сентябры |
| 1.10 | Ички аскерлеринин күжүрмөн кызматынын Уста- вына өзгөртүү киргизүү тууралу | ИИМ Юстмин | 2001- жылдын сентябры |
| 2.1 | Кыргыз Республикасынын Ички иштер минист- рлигинин маалыматтар | ИИМ | 2001- жылдын |
| 2 | Уюштуруу маселелери |  |  |
| 2.1 | Кыргыз Республикасынын Ички иштер минист- рлигинин маалыматтар базасын жана архивин орток пайдалануу тартиби тууралу маселени чечүү | ИИМ Юстмин | 2001- жылдын сентябрь- октябры |
| 2.2 | Кыргыз Республикасы кирген пенитенциарлык системалар тармагында эл аралык келишимдер- дин инвентаризациясын жүргүзүү жана укук мураскорлук маселесин чечүү боюнча сунуш- тарды киргизүү | ТИМ ИИМ Юстмин | 2001- жылдын сентябрь- октябры |
| 2.3 | Атайын ташууларды жүзөгө ашыруу тартибин аныктоо жаатында Кыргыз Республикасынын Ич- ки иштер министрлиги менен Юстминдин өз ара иштешүү тууралу маселени чечүү Оперативдик ишти уюштуруу тууралу маселени чечүү | ИИМ Юстмин ИИМ Юстмин | 2001- жылдын сентябры 2001- жылдын сентябры |
| 2.4 | Жазык-аткаруу системасына окуу жайларды, дарылоо жана ден соолукту чыңдоо мекемелери менен бирге медицина кызматын, атайын да- йындыгы бар своддук отрядды, байланыш бөлүмүн, атайын кызматтык ташуу иштерин, капиталдык курулуш бөлүмүн, кызматкерлердин атайын учетун жүргүзүү иш-милдети менен кадрларды башкарууну бөлүп жана өткөрүп берүү тууралу маселени чечүү | ИИМ Юстмин Билиммин Саламат- мин | 2001- жылдын сентябры |
| 3 | Жазык-аткаруу ситемасын реформалоону финан- сылык жактан камсыз кылуу |  |  |
| 3.1 | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги- нин карамагына жазык-аткаруу системасын өткөрүп берүүгө байланыштуу биринчи кезек- теги финансы чыгымдарын аныктоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү сунуштар- ды киргизүү | Юстмин ИИМ Финмин | 2001- жылдын сентябрь- октябры |
| 3.2 | "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу сис- темасын колдонууга киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жаңы түзөтүү мекемелерин түзүүгө борборлоштурул- ган капиталдык салымдарды жана финансы ка- ражаттарын бөлүп берүү тууралу сунуштарды киргизүү | Финмин Юстмин ИИМ | 2001- жылдын сентябры |
| 3.3 | Жазык-аткаруу системасынын реформалоо про- цессин жүзөгө ашырууга эл аралык грант түрүндө кошумча каржылоо булактарын тартуу маселесин карап чыгуу | Маммүлк Финмин Юстмин ИИМ | 2001- жылдын сентябрь- октябры |
| 4 | Жазык-аткаруу системасын реформалоону мате- риалдык-техникалык жактан камсыз кылуу |  |  |
| 4.1 | Жазык аткаруу системасынын башкаруу орган- дарын жана мекемелерин курал, атайын кара- жаттар, байланыш жана башка атайын мүлк ме- нен камсыз кылуу тартиби тууралу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоо- рун даярдоо | Юстмин ИИМ Маммүлк | 2001- жылдын сентябры |
| 4.2 | Жазык-аткаруу системасынын материалдык-тех- никалык базасы жана мүлкү менен анын иши үчүн пайдаланылчу жана каралган башка мүлктүн инвентаризациясын өткөрүү. Жа- зык-аткаруу системасы тарабынан пайдаланыла турган жана анын иши үчүн каралган жа- зык-аткаруу системасына имараттарды, курул- маларды, объекттерди байланыш, транспорт, байланыш каражаттарын жана башка мүлктү бе- китүү мөөнөттөрү жана тартиби тууралу Кыр- гыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругун да- ярдоо. Ажыратуу балансынын долбоорун даярдоо | Маммүлк ИИМ Юстмин Мамкаттоо Трансмин Байланыш мамагент- ствосу | 2001- жылдын сентябрь- октябры |
| 4.3 | Жазык-аткаруу системасынын балансынан турак жай фондун, социалдык чөйрө объектилерин жана инженердик байланыштарды жергиликтүү өз алдынча башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү тууралу Кыргыз Республикасы- нын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун даярдоо. | Маммүлк ИИМ Юстмин Жерги- ликтүү өз алдынча башкар- малыгы | 2001- жылдын сентябры |
| 4.4 | Кыргыз Республикасынын Ички иштер минист- рлигинин карамагынан жазык-аткаруу система- сынын карамагына шектүүлөрдү, күнөөлөнүп жаткандарды жана соттолгондорду медици- на-санитарлык жактан камсыз кылууну уюшту- руу боюнча иш-милдеттерди өткөрүп берүү бо- юнча маселени карап чыгып, тиешелүү доку- менттерди даярдоо | ИИМ Юстмин Саламат- мин | 2001- жылдын сентябры |
| 4.5 | Өткөөл мезгил ичинде жазык-аткаруу система- сында кадр ишин уюштурууну камсыз кылуу бо- юнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечи- минин долбоорун даярдоо, анын ичинде: а) ЖАСтын кызматкерлерин атайын учетко тур- гузуу укугуна ээ кылуу; б) жеке иштерди жүргүзүү жана өткөрүп берүү тууралу; в) атайын наамдарды ыйгаруу тартиби туура- лу; г) ЖАСтын кызматкерлеринин кызматтык күбөлүктөрү тууралу; д) пенсия иштерин толтуруу, пенсияларды да- йындоо жана төлөп берүү тууралу | Юстмин ИИМ Соц- эмгекмин Соцфонда | 2001- жылдын сентябры |
| 4.6 | Айрым медицина, дарылоо жана ден соолукту чыңдоо мекемелерин жазык-аткаруу системасы- нын карамагына өткөрүп берүү тууралу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоо- рун даярдоо | Юстмин ИИМ Маммүлк Саламат- мин Билиммин | 2001- жылдын сентябры |
