# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 568
- Кабыл алынган күнү: 20.08.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/53752>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-8641/edition/1251371/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/53752.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (22.09.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/53752

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2002-жылдын 20-августу № 568

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-сентябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-сентябрындагы № 543 токтому менен өзгөртүүлөр жана толутоолор расмий тилинде киргизилген

Тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышын, алардын Кыргыз Республикасынын "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Мыйзамына ылайык ар тараптуу жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмеси.

Эскертүү: Ушул токтом менен бекитилген тизме расмий редакцияда берилген

2. Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1982-жылдын 30-декабрындагы № 708 "СССР Министрлер Советинин 1982-жылдын 16-сентябрындагы № 865 "Тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу тууралуу" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Премьер-министр

Н.Танаев
