# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 8-августундагы № 538 "Жер участокторун тоорукта менчикке же ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 8-августундагы № 538 "Жер участокторун тоорукта менчикке же ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 538
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.02.2004
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/53721>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-8614/edition/321617/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/53721.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.02.2004 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 8-августундагы № 538 "Жер участокторун тоорукта менчикке же ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому (05.02.2004 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/53721

---

КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы № 57 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2002-жылдын 8-августу № 538

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Жер участокторун тоорукта менчикке же ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29 - статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Жер участокторун тоорукта менчикке же ижарага берүүнүн тартиби

жөнүндө типтүү жобо бекитилсин.

2. Мындан ары жер участкаларын менчикке же ижарага берүү Кыргыз

Республикасынын Жер кодексинин 32-статьясына ылайык Бекер берүү жөнүндө жободо түздөн түз каралгандан башка учурларда ачык тооруктарда ушул Типтүү жобонун талаптарын так сактоо менен бардык ыйгарым укуктуу ор- гандар тарабынан жүргүзүлөөрү белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укук-

тарды каттоо боюнча мамлекеттик агентство жер участкаларын менчикке же ижарага берүүдө жерлерди пайдаланууга жана коргоого, жер мыйзамдарын сактоого мамлекеттик контролду күчөтсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Премьер-министр Н.Танаев
