# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-ноябрындагы № 594 "Пенсиянын базалык бөлүгүн каржылоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-ноябрындагы № 594 "Пенсиянын базалык бөлүгүн каржылоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 594
- Кабыл алынган күнү: 06.11.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.11.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/53591>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-8501/edition/685548/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/53591.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.11.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-ноябрындагы № 594 "Пенсиянын базалык бөлүгүн каржылоо жөнүндө" токтому (20.11.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/53591

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 6-ноябры № 594 Пенсиянын базалык бөлүгүн каржылоо жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-ноябрындагы № 626, 2015-жылдын 20-ноябры № 795 токтомдорунун редакциясына ылайык) Камсыздандырылган адамдарга пенсияларды өз убагында жана толук көлөмдө төлөө максатында, "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген, пенсиянын базалык бөлүгүн каржылоо республикалык бюджетке которулсун:

- 2014-жылдын 1-январынан тартып - пенсиянын базалык бөлүгүн төлөөгө жумшалуучу каражаттардын жылдык муктаждыгынын 90 пайызы;

- 2015-жылдын 1-январынан тартып - пенсиянын базалык бөлүгүн төлөөгө жумшалуучу каражаттардын жылдык муктаждыгынын 95 пайызы;

- 2017-жылдын 1-январынан тартып жана кийинки жылдарда - пенсиянын базалык бөлүгүн төлөөгө жумшалуучу каражаттардын жылдык муктаждыгынын 100 пайызы.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-ноябрындагы № 626, 2015-жылдын 20-ноябры № 795 токтомдорунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна акча каражаттарын бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдөрдө жана мөөнөттөрдө бөлүүнү камсыздасын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2014-жылдын 1-январынан баштап колдонулат.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
