Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Пенсиянын базалык бөлүгүн каржылоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 6-ноябры № 594 Пенсиянын базалык бөлүгүн каржылоо жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-ноябрындагы № 626, 2015-жылдын 20-ноябры № 795 токтомдорунун редакциясына ылайык) Камсыздандырылган адамдарга пенсияларды өз убагында жана толук көлөмдө төлөө максатында, "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген, пенсиянын базалык бөлүгүн каржылоо республикалык бюджетке которулсун:
- 2014-жылдын 1-январынан тартып - пенсиянын базалык бөлүгүн төлөөгө жумшалуучу каражаттардын жылдык муктаждыгынын 90 пайызы;
- 2015-жылдын 1-январынан тартып - пенсиянын базалык бөлүгүн төлөөгө жумшалуучу каражаттардын жылдык муктаждыгынын 95 пайызы;
- 2017-жылдын 1-январынан тартып жана кийинки жылдарда - пенсиянын базалык бөлүгүн төлөөгө жумшалуучу каражаттардын жылдык муктаждыгынын 100 пайызы.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-ноябрындагы № 626, 2015-жылдын 20-ноябры № 795 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна акча каражаттарын бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдөрдө жана мөөнөттөрдө бөлүүнү камсыздасын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2014-жылдын 1-январынан баштап колдонулат.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-ноябрындагы № 626 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-ноябрындагы № 594 "Пенсиянын базалык бөлүгүн каржылоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү…Постановление · 04.11.2014 · № 626
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-ноябрындагы № 594 "Пенсиянын базалык бөлүгүн каржылоо жөнүндөгү" токтомуна өзгөртүү…Постановление · 20.11.2015 · № 795
Шилтеме берет (3)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
3 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.