# КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майы N 351 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтерди даярдоого байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзүүнүн Тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майы N 351 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтерди даярдоого байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзүүнүн Тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 351
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/53513>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-8428/edition/942368/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/53513.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майы N 351 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтерди даярдоого байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзүүнүн Тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (15.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/53513

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 162 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2002-жылдын 29-майы N 351 Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтерди даярдоого байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзүүнүн Тартибин бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-январындагы N 21, 2014-жылдын 23-июнундагы № 347, 2017-жылдын 4-январындагы № 3 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестрин түзүү жөнүндө" 2002-жылдын 24-январындагы Указын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтерди даярдоого байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзүүнүн тиркелген Тартиби бекитилсин.

2. Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын колдонулушу туура келген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар, башка мамлекеттик мекемелер жана уюмдар Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтерин даярдоого конкурстук торуктарды өткөрүүдө ушул Тартипти жетекчиликке алышсын.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 347. 2017-жылдын 4-январындагы № 3 токтомунун редакциясына ылайык)

3. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 347 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу

Н. Танаев
