# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесин бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесин бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 350
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/53512>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/53512/edition/1291953/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/53512.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесин бекитүү тууралуу" токтому (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/53512

---

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

| БИШКЕК ш., ӨКМӨТ ҮЙҮ 2002-жылдын 29-майы № 350 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесин бекитүү тууралуу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 12-сентябрындагы № 576, 2004-жылдын 16-январындагы № 21, 2008-жылдын 4-октябры № 564, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-июлундагы № 95 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестрин түзүү жөнүндө" 2002-жылдын 24-январындагы Указын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин: - Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобо; - Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын (базалык) тизмеси. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-июлундагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык) 2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги: - персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестрин түзүүдө, жүргүзүүдө жана тейлөөдө бекитилген Жобону жетекчиликке алсын; - мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын ушул токтом менен бекитилген базалык тизмесине зарыл болгон учурда толуктоо киргизүү укугу берилсин; - үч айлык мөөнөттө Мамлекеттик реестрди тейлеген подразделениенин иш регламентин бекитсин. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-январындагы № 21, 2008-жылдын 4-октябры № 564, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-июлундагы № 95 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар, башка мамлекеттик мекемелер жана уюмдар 2010-жылдын 1-январына чейин каражат издеп табууга жараша мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоонун персонификациялаштырылган технологиясына өтүүнү ишке ашырышсын. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 12-сентябрындагы № 576, 2008-жылдын 4-октябры № 564 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-октябры № 564 токтомунун редакциясына ылайык) |  |
| --- | --- |
| Премьер-министрдин Милдетин аткаруучу | Н.Танаев |
