# Командировкалык чыгымдардын нормаларын жана аларды кайтаруу тартибин белгилөө жөнүндө

- Толук аталышы: Командировкалык чыгымдардын нормаларын жана аларды кайтаруу тартибин белгилөө жөнүндө
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 635
- Кабыл алынган күнү: 12.10.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.08.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/53390>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-8327/edition/321137/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/53390.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.08.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Командировкалык чыгымдардын нормаларын жана аларды кайтаруу тартибин белгилөө жөнүндө (26.08.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/53390

---

КР Өкмөтүнүн

2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2001-жылдын 12-октябры № 635

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Командировкалык чыгымдардын нормаларын

жана аларды кайтаруу тартибин

белгилөө жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2002-жылдын 19-апрелиндеги N 235 токтомунун,

2005-жылдын 19-августундагы N 388 токтомунун,

2007-жылдын 14-сентябрындагы N 409 токтомунун,

2007-жылдын 3-декабрындагы N 567 токтомунун,

2008-жылдын 2-июнундагы N 266 токтомунун

редакцияларына ылайык)

Бул редакция 2008-жылдын 1-январынан күчүнө кирди

Командировкага жөнөтүлүүчү кызматчыларды социалдык жактан коргоо

максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын аймагында командировкада болгон учурда

ар бир күн үчүн суткалык чыгымдары 200 сом өлчөмүндө белгиленсин.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-августундагы N

388 токтомунун, 2007-жылдын 14-сентябрындагы N 409 токтомунун редакция-

ларына ылайык)

2. Турак жайды ижаралоо боюнча чыгымдарды ордуна келтирүү бул чы-

гымдардын чындыгын ырастаган документтер менен, ал эми алар жок болгон-

до - суткалык чыгымдардын нормасынын 50 процент өлчөмүндө ишке ашырыл-

сын.

3. Чет өлкөдө кыска мөөнөттү командировкада жүргөн кызматкерлерге

чыгымдарын төлөп берүүнүн убактылуу нормалары N 1 тиркемеге ылайык бел-

гиленсин.

1-тиркеме орусча редакцияда берилген

4. Командировкага барып-келүү чыгамдарын каржылоо, транспорттогу

жүргүнчүлөрдүн милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдү

кошуу менен иш жүзүндөгү чыгамдардын негизинде, бул чыгымдарды аныктоо-

чу документтер боюнча жүргүзүлөт.

Белети жок жол жүргөндөгү жол кире чыгымдары N 2 тиркемеге ылайык

жүргүзүлөт.

2-тиркеме орусча редакцияда берилген

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Чет өлкөгө жиберүлүүчү адамдарга чыгымдарды кайтаруу тартиби

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 29-октябрындагы N

528 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 29-октябрындагы N

528 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 23-ноябрындагы N 577 токтому;

- "Командировкалык чыгымдарды кайтаруу тартиби жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 21-июлундагы N 325 токтому;

- "Командировкалык чыгымдарды кайтаруу тартиби жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 22-мартындагы N 125 токтому;

- "Командировкалык чыгымдарды кайтаруу тартиби жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 22-мартындагы N 125 токтомуна

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 8-майындагы N 254 токтому.

Премьер-министр К.Бакиев
