# Постановление Правительства КР от 17 апреля 2002 года №231 "Об Иммиграционном фонде при Министерстве иностранных дел Кыргызской Республики"

- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 231
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.08.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/53367>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-8310/edition/321102/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/53367.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление Правительства КР от 17 апреля 2002 года №231 "Об Иммиграционном фонде при Министерстве иностранных дел Кыргызской Республики" (07.08.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/53367

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 7-августундагы N 315 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2002-жылдын 17-апрели N 231

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине

караштуу Иммиграциялык фонд жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2004-жылдын 30-августундагы N 652,

2005-жылдын 21-декабрындагы N 603

токтомдорунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 29-августундагы

"Тарыхый мекенине кайтып келип жаткан кыргыз этносундагыларга колдоо

көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Указын аткаруу үчүн жана "Тышкы мигра-

ция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-статьясына ылайык

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамле-

кеттик комитетине караштуу Иммиграциялык Фонд жөнүндө тиркелген Жобо

бекитилсин.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы N

603 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төмөнкүлөр

белгиленсин:

- Иммиграциялык фондунун кызматкерлеринин жогорку саны 8 (сегиз)

адамдан, анын ичинде 5 (беш) тейлөөчү персоналдан;

Иммиграциялык фондунун кызматкерлеринин эмгек маянасы тиркемеге

ылайык өлчөмдө.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 30-августундагы N

652 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын

Премьер-министр Аппаратынын эл аралык кызматташттык бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр К.Бакиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2002-жылдын 17-апрелиндеги N 231

токтомуна тиркеме

Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Миграция

жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу

Иммиграциялык фонддун 2002-жылдагы

Штаттык расписаниеси

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2004-жылдын 30-августундагы N 652,

2005-жылдын 21-декабрындагы N 603

токтомдорунун редакциясына ылайык)

| N | Структуралык | Штаттык | Кызмат | Бардыгы |
| --- | --- | --- | --- | --- |
|  | подразделенилердин | бирдиктердин | окладдары | (сом) |
|  | жана кызматтардын | саны | (сом) |  |
|  | аталышы |  |  |  |
|  | Кыргыз Республикасынын Кыргыз |  |  |  |
|  | Республикасынын Миграция жана |  |  |  |
|  | жумуштуулук боюнча мамлекеттик |  |  |  |
|  | комитетине караштуу Иммиграциялык |  |  |  |
|  | фондунун аппараты |  |  |  |
| 1. | Директор | 1 | 3000 | 3000 |
| 2. | Башкы адис | 1 | 1200 | 1200 |
| 3. | Жетектөөчү адис- бухгалтер | 1 | 1000 | 1000 |
| 4. | Айдоочу | 1 | 900 | 900 |
|  | Чүй облусунун Ысык-Ата районунун |  |  |  |
|  | Ивановка шаар тибиндеги |  |  |  |
|  | поселогунда жана Москва районунун |  |  |  |
|  | Беловодское айылында этностук |  |  |  |
|  | кыргаздарды убактылуу кабыл алуу |  |  |  |
|  | пункттары |  |  |  |
| 5. | Комендант | 2 | 700 | 1400 |
| 6. | Вахтер-күзөтчү | 2 | 500 | 1000 |
|  | Бардыгы | 8 |  | 8500 |

Премьер-министрдин

Аппарат Жетекчиси - Министр Б.Талгарбеков
