Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк юридикалык жактар жана жеке адамдардан турак жай фондусунун турак үйлөрү менен квартараларын ажыратуу боюнча комиссия жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-февралындагы № 82 токтому менен бекитилген Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 28 ноября 2013 года № 643 "О внесении изменения в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении Правил государственной регистрации прав и обременений (ограничений) прав на недвижимое имущество и сделок с ним" от 15 февраля 2011 года № 49 и признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-11-28.
КР 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 643 токтомунун редакциясына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2001-жылдын 31-июлу № 398
Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк юридикалык жактар жана жеке адамдардан турак жай фондусунун турак үйлөрү менен квартараларын ажыратуу боюнча комиссия жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-февралындагы № 82 токтому менен бекитилген Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Турак жай фондунун турак үйлөрүн жана квартираларын сатууну ирээтке келтирүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин "Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын кайра уюштуруу жөнүндө" 2000-жылдын 28-декабрындагы № 363 Указына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк юридикалык жактар жана жеке адамдардан турак жай фондусунун турак үйлөрү менен квартираларын ажыратуу боюнча комиссия жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-февралындагы № 82 токтому менен бекитилген Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы пункт менен толукталсын:
"2. Чет өлкөлүк юридикалык жак деп төмөндө саналуучу белгилердин бирине ээ болгон юридикалык жак саналат:
а) чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана катталган;
б) катталган жерине карабастан акциялардын контролдук пакетин кармоочу чет өлкөлүк жеке адам же юридикалык жак болсо бир же андан ашык чет өлкөлүк жеке адамга же юридикалык жакка таандык болсо жана бир же андан ашык чет өлкөлүк жеке адам же юридикалык жак жазуу жүзүндөгү контракт аркылуу контролдосо же башкарса, добуш берүү акцияларынын көпчүлүгүн сатууга укугу болсо, аткаруучу же көзөмөлдөөчү органдын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүн дайындоого укуктуу болсо;
в) Кыргыз Республикасында катталган жана ушул пунктта көрсөтүлгөн чет өлкөлүк гражданга же юридикалык жакка таандык уставдык капиталдын кеминде 20%е ээ болгон;
г) мамлекеттер аралык келишимдин же макулдашуунун негизинде түзүлгөн;
д) эгерде уюштуруучулардын бири коммерциялык эмес уюм болсо чет өлкөлүк юридикалык жак же жеке адам болуп саналат.";
- 2-12-пункттар тийиштүүлүгүнө жараша 3-13-пункттар болуп эсептелсин;
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдында комиссия түзүлөт жана ал 5 адамдан турат. Анын курамына Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын бирден өкүлдөрү кирет.";
- 5-пункттун бешинчи абзацындагы "ордун көрсөтүү" деген сөз "болгон же жашаган жерин" деген сөздөр менен толукталсын, андан ары текст боюнча берилет;
- 5-пункттун сегизинчи абзацы "паспорт" деген сөздөн кийин "же белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан берилген жашоочу жайы" (эгерде паспорту алыскы чет өлкөнүкү болсо, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн)";
- 5-пункт төмөнкүдөй маанидеги абзац менен толукталсын:
"КМШга катышкан мамлекеттердин туруктуу жашоо үчүн келген граждандарына акыркы турган жеринен чыккандыгы тууралу белгиси менен паспорттун көчүрмөсү тиркелет. Жашай турган жерге келүүчүлөргө (убактылуу жашоочу) - Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу каттоодон өтүү";
- 5-пункт 9-15-абзацтары тийиштүү түрдө 10-16 деп эсептелсин;
- 5-пункттун 15-абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Арызга чет өлкөлүк юридикалык жактардын уюштуруу документтеринин жана катталуу күбөлүктөрүнүн ксерокөчүрмөлөрү (эгерде чет өлкөлүк юридикалык жак Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары каттоодон өтүп, ал тууралуу уюштуруу документи жана күбөлүгү орус тилине которулуп, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн) тиркелет.
Премьер-министр
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- ПОЛОЖЕНИЕ о комиссии по отчуждению жилых домов и квартир жилищного фонда иностранным юридическим и физическим лицам на территории Кыргызской Республики (Утверждено постановлением…Положение · 15.02.1999
- ПОЛОЖЕНИЕ "О комиссии по отчуждению жилых домов и квартир жилищного фонда иностранным юридическим и физическим лицам на территории Кыргызской Республики" (Утверждено…Постановление · 31.07.2001 · № 398 · Күчүн жоготкон
- КР 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 643 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 «Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон…Постановление · 28.11.2013 · № 643 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Постановление Правительства КР от 15 февраля 1999 года № 82 "Об утверждении Положения о комиссии по отчуждению жилых домов и квартир жилищного фонда иностранным юридическим и…Постановление · 15.02.1999 · № 82 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 28 декабря 2000 года УП №363 "О реорганизации центральных органов государственного управления"Указ · 28.12.2000 · № 363 · Күчүн жоготкон
- КР 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 643 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 «Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон…Постановление · 28.11.2013 · № 643 · Күчүн жоготкон