# КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-мартындагы № 143 "Кыргыз Республикасында көргөзмө-жарманкелик иш-аракетти өркүндөтүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-мартындагы № 143 "Кыргыз Республикасында көргөзмө-жарманкелик иш-аракетти өркүндөтүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 14.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/53267>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-8230/edition/1148001/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/53267.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-мартындагы № 143 "Кыргыз Республикасында көргөзмө-жарманкелик иш-аракетти өркүндөтүү жөнүндө" токтому (20.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/53267

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2002-жылдын 14-марты № 143 Кыргыз Республикасында көргөзмө-жарманкелик иш-аракетти өркүндөтүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-апрелиндеги № 223, 2013-жылдын 1-июлундагы № 395, 2015-жылдын 20-январы № 17 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү соңку жылдарда Кыргыз Республикасы чет өлкөлөрдөгү Бүткүл дүйнөлүк жана эл аралык ири көргөзмөлөргө активдүү катышып жаткандыгын белгилейт. Республиканын аймагында жыл сайын кеминде 8-10 ар кандай көргөзмө-жарманкелик иш-чаралар өткөрүлөт. Жыл сайын көргөзмөлөргө жана жарманкелерге 15-20 өлкөдөн 500дөн ашуун чарбакер субъекттер катышат. Көргөзмө-жарманкелик иш-аракет чарбалык иштин өзүнчө, өзгөчөлүү тармагына өсүп жетип, рынок экономикасынын ажырагыс инструменти, республиканын экономикалык потенциалын көтөрүүнүн жана өнүктүрүүнүн жаңы импульсу болууда. Кыргыз Республикасында көргөзмө-жарманкелик иш-аракетти андан ары өркүндөтүүнү камсыз кылуу, өткөрүлүүчү көргөзмөлөр менен жарманкелердин болушунча натыйжалуулугуна жетишүү, ага мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана нормативдик-укуктук жөнгө салуу шаймандарын иштеп чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасында көргөзмө-жарманкелик иш-аракет жөнүндө Жобо;

- көргөзмө-жарманкелик иш-аракет боюнча Кыргыз Республикасынын Ведомство аралык координациялык кеңештин курамы.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен бирдикте көргөзмө-жарманкелик иш-аракетти ар тараптан колдоп, өнүктүрүп жана өркүндөтүп, республикада жана чет өлкөлөрдө өткөрүлүүчү көргөзмөлөр менен жарманкелерге активдүү катышсын, аларды ата-мекендик иштеп чыгууларды, технологияларды, тышкы жана ички рынокто кызмат көрсөтүүлөрдү илгерилетүү үчүн кеңири колдонушсун.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасында көргөзмө-жарманкелик иш-аракетти өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 3-ноябрындагы № 718 токтому;

- "Кыргыз Республикасында көргөзмө-жарманкелик иш-аракетти өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 3-ноябрындагы № 718 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 5-июлундагы № 399 токтому.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын соода, өнөр жай, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.

Премьер-министри

К.Бакиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-мартындагы № 143 токтому менен бекитилген

Көргөзмө-жармаңкелик иш-аракет боюнча Кыргыз Республикасынын Ведомстволор аралык координациялык кеңешинин КУРАМЫ

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-апрелиндеги № 223, 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти, Кеңештин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). Кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр-жай министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун директору; Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча); Чүй облустук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары; Ош облустук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары; Баткен облустук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары; Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары; Нарын облустук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары; Талас облустук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары; Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын технопаркынын директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Кыял" элдик көркөм кол өнөрчүлөр улуттук бирикмеси" мамлекеттик ишканасынын башкы директору.
