Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаментинин Атайын каражаттар жана материалдык жактан колдоо фонду жөнүндө Жобо
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 11 октября 2021 года № 216 "О Фонде развития и материального обеспечения Министерства иностранных дел Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-10-11.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 216 токтомуна ылайк КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 19-февралындагы N 89 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаментинин Атайын каражаттар жана материалдык жактан колдоо фонду жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаментинин Атайын каражаттар жана материалдык жактан колдоо фонду (мындан ары - Фонд) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаментинин нормалдуу иштеши үчүн тийиштүү материалдык-техникалык базасын камсыз кылуу жана зарыл шарттарды түзүү, анын кызматкерлерин социалдык жактан коргоо жана гарантия берүү максатында түзүлөт.
II. Фондду түзүү булагы жана тартиби
2. Фондго каражат чегерүү үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаменти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казначылыгында атайын каражаттар боюнча күндөлүк эсеп ачат.
3. Фонддун каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- чет өлкөлүк граждандарды Кыргыз Республикасында жана Кыргыз Республикасынын граждандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга уруксат берүү документтерин берүүдө юридикалык, чет өлкөлүк жарандардан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан белгиленген тартипте алынуучу суммалардан чегерүүлөрдөн;
- мекемелердин, уюмдардын жана жеке адамдардын ыктыярдуу салымдарынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка түшүүлөрдөн.
III. Фонддун каражаттарын пайдалануу тартиби
4. Атайын каражаттарды директор башкарып, ага бюджеттеги акча каражаттарын башкаруу укугу берилет.
5. Атайын каражаттар белгиленген сметага ылайык чыгымдалат.
6. Фонддун атайын каражаттары төмөнкүдөй максаттарда пайдаланылат:
- имарат-жайларды ижаралоо боюнча чыгымдарын төлөөгө, сарптоолор сметасы боюнча бюджет каражаттары жок же жетишпеген учурларда командировка, өкүлчүлүк жана башка чыгымдардын ордун толтурууга;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаментинин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу уюштурууга жана жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаментинин кызматкерлерине сыйлык берүүгө;
- келишимдин негизинде тартылган адистерге эмгек акы төлөөгө;
- компьютер, көбөйтүү техникаларын, байланыш каражаттарын, транспорт каражаттарын жана аларга запастык тетиктерди сатып алууга жана жаңыртууга, жабдууларды, шаймандарды, материалдарды жана башкаларды сатып алууга;
- семинарларды жана кеңешмелерди өткөрүүгө байланышкан социалдык-маданий иш-чараларга жана кайрымдуулук максаттарына;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаментинин кызматкерлеринин шаардагы коомду транспортто жүрүшүнө акы төлөөгө жана тамактануу чыгымдарын жарым-жартылай компенсациялоого;
- кызматкерлерге, ошондой эле иштебеген пенсионерлерге жана кызматкерлерге алар пенсияга чыкканда бир жолку материалдык жардам берүүгө.
IV. Эсепке алуу жана отчет берүү тартиби
7. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаменти Фондго келип түшкөн каражаттардын эсебин алат жана топтолгон каражаттарды бөлүштүрөт, алардын пайдаланылышы жөнүндө белгиленген тартипте отчет берет.
8. Жыл аягына чейин пайдаланылбай калган каражаттардын калдыгы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаментинин атайын каражаттарынын тийиштүү түрүндө келерки жылдын сметасынын киреше бөлүгүнө которулат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 216 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду…Постановление · 11.10.2021 · № 216
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 19-февралындагы N 89 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаментинин Атайын каражаттар…Постановление · 19.02.2002 · № 89 · Күчүн жоготкон