# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 19-февралындагы N 89 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаментинин Атайын каражаттар жана материалдык жактан колдоо фонду жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 19-февралындагы N 89 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаментинин Атайын каражаттар жана материалдык жактан колдоо фонду жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/53191>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-8170/edition/320753/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/53191.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 19-февралындагы N 89 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаментинин Атайын каражаттар жана материалдык жактан колдоо фонду жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому (11.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/53191

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 216 токтомуна ылайк КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2002-жылдын 19-февралы N 89

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаментинин Атайын каражаттар жана материалдык жактан колдоо фонду жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаменти Атайын каражаттар жана материалдык жактан колдоо фонду жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаментинин Атайын каражаттар жана материалдык жактан колдоо фондун бекитилген Жобого ылайык пайдаланышын катуу көзөмөлдүккө алсын.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаментинин Атайын каражаттар жана материалдык жактан колдоо фонду жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 12-октябрындагы N 561 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн миграция жаатындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 1-сентябрындагы N 505 токтомунун экинчи пункту.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө тапшырылсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

К.Бакиев
