# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 23-январындагы №39 "Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 23-январындагы №39 "Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.12.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/53134>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-8121/edition/1147920/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/53134.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.12.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 23-январындагы №39 "Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" токтому (17.12.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/53134

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2002-жылдын 23-январы № 39

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство

жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы

Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы № 369,

2006-жылдын 13-мартындагы № 154,

2006-жылдын 22-мартындагы № 193,

2008-жылдын 5-августундагы № 421,

2010-жылдын 17-декабрындагы №332

токтомдорунун редакциясына ылайык)

Кыргыз адабиятын, искусствосун жана архитектурасын андан ары

өнүктүрүү, поэзия, проза, драматургия, публицистика, музыка, кино, те-

атрдык жана көркөм сүрөт, архитектура, радио жана теле көрсөтүү тарма-

гындагы мыкты чыгармалардын жаратуучуларын көтөрмөлөө, Кыргыз Республи-

касынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын баркын көтөрүү макса-

тында жана ошондой эле аларды ыйгарууга байланышкан маселелерди тартип-

ке салуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Ар бири 100000 (жүз миң) сом өлчөмүндө болгон үч Кыргыз

Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы

Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгы түзүлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №332

токтомунун редакциясына ылайык)

2. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тар-

магындагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тар-

магындагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитет

жөнүндө жобо;

- (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №332

токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №332 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-

нын бюджетинде ушул көрсөтүлгөн сыйлыктарды ыйгарууга, аларды ыйгарууга

байланышкан иш-чараларга, Комитеттин кызматкерлеринин эмгек акысына,

Комитеттин коммуналдык жана башка чыгымдарына каражаттарды караштырсын.

4. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-мартындагы N

154 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 54-үй дарегиндеги имараттын

экинчи кабатындагы ээлеп турган бир бөлмө Кыргыз Республикасынын Адаби-

ят искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекет-

тик сыйлыктары боюнча комитетке бекитип берилсин.

6. Күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-ноябрындагы N

478 "Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тарма-

гындагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө"

токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 3-апрелиндеги N 186

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-ноябрындагы N 478 ток-

томуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 3-апрелиндеги N 187

"Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагында-

гы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитет жөнүндө жо-

бону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 30-августундагы N

537 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13 ноябрындагы N 478

"Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагында-

гы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" токтому-

на өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө

тапшырылсын.

Премьер-министр К.Бакиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2002-жылдын 23-январындагы N 39

токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство

жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы

Мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитетинин

КУРАМЫ

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №332 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
