# КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 10-январындагы № 11 "Сокулуктагы аялдардын психоневрологиялык үй-интернатын кары-картандар жана майыптар үчүн жалпы типтеги үй-интернатына кайра профилдештирүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 10-январындагы № 11 "Сокулуктагы аялдардын психоневрологиялык үй-интернатын кары-картандар жана майыптар үчүн жалпы типтеги үй-интернатына кайра профилдештирүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 10.01.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.01.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/53094>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-8092/edition/493746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/53094.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 10-январындагы № 11 "Сокулуктагы аялдардын психоневрологиялык үй-интернатын кары-картандар жана майыптар үчүн жалпы типтеги үй-интернатына кайра профилдештирүү жөнүндө" токтому (27.01.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/53094

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-январындагы № 52 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2002-жылдын 10-январы № 11 Сокулуктагы аялдардын психоневрологиялык үй-интернатын кары-картандар жана майыптар үчүн жалпы типтеги үй-интернатына кайра профилдештирүү жөнүндө

Улгайган адамдардын социалдык жактан корголушун андан ары күчөтүү жана "Ардагер" Улуттук программаларынын негизги багыттарын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин Сокулуктагы аялдардын психоневрологиялык үй-интернаты кары-картаңдар жана майыптар үчүн жалпы типтеги үй-интернатына кайра профилдештирилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги Сокулуктагы аялдардын психоневрологиялык үй-интернатындагы психоневрологиялык оорулуу аялдарды тиешелүү психоневрологиялык үй-интернатына которсун.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2002-жылдын бюджетинде кары-картаңдар жана майыптар үчүн Сокулуктагы кайра профилдештирген үй-интернатын бул максаттарга 2002-жылга Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигине каралган каражаттардын чектеринде каржылоону карасын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.

Биринчи вице-премьер-министр

Н.Танаев
